Боршайком парламенттик шайлоого жумшала турган сумманы өзгөрттү

Боршайком парламенттик шайлоого жумшала турган сумманы өзгөрттү. Эми республикалык бюджеттен пландалган 732 миллион сомдун ордуна 446 миллион  сом жумшалат.

 

Бюджетти өзгөртүүгө өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам оптималдаштыруу аракети себеп болгону айтылды. Шайлоочулардын жана шайлоо комиссияларында иштегендердин санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо  үчүн дагы 60 миллион сом талап кылынат. Бул боюнча эл аралык уюмдар жана донорлорр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

 

Кыргызстанда парламенттик шайлоолор ушул жылдын 4-октябрында өтөт.