Алты айда бюджеттин кирешеси 80 миллиард сомдон ашты

Ушул жылдын январь-июнь айларына карата алдын-ала маалыматтарга ылайык, республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 80 миллиард 767 миллион сомду түздү.   Экономика жана финансы министрлиги 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу киреше 28 миллиард 296,6 миллион сомго көбөйгөнүн маалымдады. Алты айда бюджеттен сарпталган чыгымдардын көлөмү 80 миллиард 191,7 миллион… Кененирээк…

Кыргызстандык спортчулар Олимпиада оюндарына даярданууда

Кыргызстандык спортчулар Олимпиада оюндарына даярданууда.   Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин адиси Марат Аскарбековдун айтымында, учурда алар атайын окутуу-машыгууларды өткөрүүдө.   Бардык уюштуруу суроолору чечилди. Алсак, спортчулардын параддык жана спорт кийимдери, билеттер сатылып алынган. Эске салсак, Кыргызстан капчыгында Олимпиада оюндарына 18 жолдомо бар. Ири спорттук… Кененирээк…

Коронавирустан вакцина алуу үчүн атайын даярдыктын кереги жок

Коронавирустан вакцина алуу үчүн атайын даярдыктын кереги жок. Бул тууралуу Республикалык вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов эскертет.   Анын айтымында, вакцинаны алуу үчүн эмдөө түйүндөрүнө кайрылуу керек. Дарыгер дене табын, кан басымын текшерип, атайын суроолорду берет. Эмдөөдөн кийин жаран 2 күн көзөмөл алдында… Кененирээк…

Кыргызстан жарандарынын айрым категориясына паспортторду акысыз берүү уланууда

Кыргызстан жарандарынын айрым категориясына паспортторду акысыз берүү уланууда.   Мамлекттик каттоо кызматынан эске салышкандай, ID-карталарды интернат-үйлөрүнүн тарбиялануучулары, жетимдер, майыптар, 70 жашке жеткен пенсионерлер жана Улуу Ата Мекендик согуштун, Баткен окуяларынын катышуучулары ала алат.   Акция 31-августка чейин уланат.

Маданият жана саламаттыкты сактоо тармактарынын кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүгө каражат жетиштүү

Маданият жана саламаттыкты сактоо тармактарынын кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүгө каражат жетиштүү. Бул тууралуу Каржы жана экономика министрлигинен билдиришти.   Андан такташкандай, пландалгандай,   8,5 миңден ашык маданият кызматкеринин маянасы 50 пайызга жогорулайт. Бул максатта мамлекеттик бюджетте 200 миллион сом каралган.   Ал эми медицина кызматкерлери тууралуу айта… Кененирээк…

Аксы районунда селден жабыркаган тургундарга тиешелүү жардам көрсөтүлөт

Аксы районунда селден жабыркаган тургундарга тиешелүү жардам көрсөтүлөт.   Бул тууралуу президенттин басма-сөз кызматынан билдиришти. Ошондой эле, министрлер кабинетине селдин кесепетин тез арада жоюу тапшырмасы берилди.   Эске салсак, кечээ кечинде нөшөрлөп жааган жаандан улам Талды-Булак жайытында сел жүрдү. Агым 8 адамды агызып кетти. Түндө… Кененирээк…

Өкмөт Аксыда селден жабыркагандарга жардам берет

Өкмөт Аксыда селден жабыркагандарга жардам берет.   Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда селден каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарда жардам берүүнү, табыгый кырсыктын кесепетин чукул арада жоюуну тапшырды. Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы селде алты киши каза болду.   Дагы эки… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 923 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 923 адам коронавирустан айыкты.   Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 526, Ошто 129, Чүйдө 117, Таласта 20, Нарында 7, Ысык-Көлдө 15, Жалал-Абадда 50, Баткенде 59 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 119 миң 694 адам коронавирусту жеңди.

Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы форматтагы калкты тейлөөчү борбор иштеп баштады

Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы форматтагы калкты тейлөөчү борбор иштеп баштады.   Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, борбордо Сарай, Ак-Таш, Жаңы-Арык, Кашкар-Кыштак жана Жоош айылдарынын тургундары мамлекеттик кызматтарды колдоно алат.

Коронавирустан вакцина алгандар дагы беткап тагынып жүрүшү керек

Коронавирустан вакцина алгандар дагы беткап тагынып жүрүшү керек. Россиялык иммунолог Владимир Болибокконун айтымында, эмделгендер такыр оорубайт деген кепилдик жок.   Алар көбүнесе симптомсуз ооругандыктан, вирустун алып жүрүүчүсү болуп эсептелет. Адис белгилегендей,  вирусту алып жүргөн адам беткап тагынса айланадагыларды төрт эсе коргой алат.