Ысык-Көлдө милиция кызматкери сууга чөгүп бараткан аялды куткарып калды

Ысык-Көлдө милиция кызматкери сууга чөгүп бараткан аялды куткарып калды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 3-июлда Ысык-Көл облусундагы эл алуу жайлардын биринде эс алып жаткан 60-65 курактагы аял сууга түшүп жаткан учурда чөгүп бара жаткан жеринен жардам сурап кыйкырган.… Кененирээк…

“Ала-Арча” улуттук паркына төрт күн катары менен кирүүгө болбойт

“Ала-Арча” улуттук паркына төрт күн катары менен кирүүгө болбойт. Улуттук парктан билдиришкендей, мындай чектөө жол оңдоо иштерине байланыштуу киргизилген. «5-июлдан 8-июлга чейин парктын аймагына унаалар киргизилбейт», — деп айтылат маалыматта.

Синоптиктер катуу шамал боло турганын эскертишүүдө

Синоптиктер катуу шамал боло турганын эскертишүүдө. Бишкекте бүгүн түнү шамалдын ылдамдыгы секундасына 17 метрге жетиши мүмкүн. Коопсуздук максатында жарандар унааларын бак-дарактардын, жеңил объектилердин жана курулуштардын астына токтотпоосу керек.

Португалия ковидге каршы чектөөлөрүн алып салды

Португалиянын бийлиги башка өлкөлөрдүн артынан чет элдик туристтер үчүн COVIDге каршы бардык чектөөлөрдү жокко чыгарды. Жаңы эрежелерге ылайык, саякатчылардан мындан ары коронавирус вакцинасынын сертификатын же ПЦР тестин көрсөтүү талап кылынбайт. Мындай чечим эпидемиологиялык кырдаалга жана калк арасында эмдөөнүн жогорку деңгээлине байланыштуу кабыл алынды.

Мексиканын бир шаарынын мэри аллигаторго үйлөндү

Мексиканын бир шаарынын мэри аллигаторго үйлөндү. Сойлоочу майрамга үлпөт көйнөк менен катышты. Коопсуздук үчүн анын жаактары таңылган. Интернетте тараган видеодон күйөө бала аллигатор менен кучакташа бийлеп, аны колунан кармап, жаныбардын бетинен өөп жатканын көрүүгө болот. Салтанат шаан-шөкөт менен коштолду. Белгиленгендей, бул шаардын мэрлери 18-кылымдан бери… Кененирээк…

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамы эки жылдан кийин жанданды

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамы эки жылдан кийин жанданды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам эртең, 5-июлдан тарта жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарылат. Учуу убактысы 2 саат. Эске салсак,… Кененирээк…

Бишкекте Скрябин көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылды

Бишкекте Скрябин көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылды. Мэриянын маалыматына караганда, жумуш Жукеев-Пудовкинден Карадарыяга чейинки тилкеде жүргүзүлөт. Альтернативалык вариант Медеров жана Жантөшев көчөлөрү болот. Оңдоо иштерин июль айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу өнөктүгү болжол менен 18-июлда башталат

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу өнөктүгү болжол менен 18-июлда башталат. Novosti.kgге Билим берүү министрлигинен такташкандай, алдыдагы окуу жылына кабыл алуу ЖРТнын жыйынтыгы боюнча онлайн режимде жүргүзүлөт. Ал эми босого балл азырынча аныктала элек жана жалпы республикалык тестирлөөнүн үчүнчү этабынын жыйынтыгы менен белгилүү болот.

Жалал-Абад шаарында бардык тез татым жайлары жабылды

Жалал-Абад шаарында бардык тез татым жайлары жабылды. Бул тууралуу Novosti.kgге шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Муниципалитеттин кызматкерлери санитардык эрежелердин сакталышын текшерүү максатында рейддерди өткөрүүдө. Анын жыйынтыгында шаарга караштуу бардык тез тамактануучу жерлер кемчиликтер жоюлганга чейин жабылды. Белгилеп кетсек, мындай иш-чаралар бир нече массалык ууланууларга… Кененирээк…

Өлкөгө 500 миң $ кем эмес инвестиция салгандарга кыргыз жарандыгын берүү сунушталууда

Парламент өлкөгө 500 миң доллардан кем эмес инвестиция салгандарга Кыргызстандын жарандыгын берүүнү сунуштап жатат. Демилгечилер муну менен инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт деп белгилешүүдө. Инвесторлор республикага ээн-эркин келип, жергиликтүү мыйзамдарга ылайык финансылык операцияларды жүргүзүп, салыктарды төлөй алышат. Мыйзам долбоорунда ошондой эле инвестициялык жарандык Австрия, Болгария,… Кененирээк…