Казакстан Кыргызстанга ок-дары жана атайын техника берет
Казакстан Кыргызстанга ок-дары жана атайын техника берет. Бул тууралуу коргоо министринин орун басары Руслан Шпекбаев билдирди. Анын айтымында, макулдашууну мажилис депутаттары колдоп, документ сенатка жөнөтүлгөн. Аскердик жардамды Кой-Таш пунктуна жеткирүүнү казак тарап өз мойнуна алат жана берилген жүктү үчүнчү өлкөлөргө берүүгө болбойт.