Шри-Ланка чет элдик туристтер үчүн бардык чектөөлөрдү алып салды

Шри-Ланка чет элдик туристтер үчүн бардык чектөөлөрдү алып салды. Мындан ары саякатчылар чек арадан өтүүдө эмдөө сертификатын көрсөтпөй эле койсо болот. Мындан тышкары, туристтердин ПЦР-тест тапшыруу милдети жоюлду. Жеңилдик бүгүн күчүнө кирди. Бирок, республикага киргенден кийин чет өлкөлүк жаран коронавируска тесттин оң жыйынтыгын алса, ал… Кененирээк…

Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, калың жааган кардын кесепетинен Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Чычкан ашууларында көчкү түшүү коркунучу жаралды. Айдоочулар бул тилкелерден өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы керек. Мындан тышкары, күрөк жана чынжырларды ала жүрүү зарыл.

Волейбол боюнча Кыргызстандын кубогу жыйынтыкталды

Бүгүн, 7-декабрда волейбол боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында өтүп жаткан Кыргызстандын кубогу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдешке жалпы 21 команда катышты. Эркектер клубдук командалар арасында биринчи орунду “Бүркүт” командасы, “Кыргызстан” командасы экинчи жана “ВВ МВД” командасы үчүнчү орунду… Кененирээк…

Берлинде элечек кечеси өттү

Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде Ош облусунун Ноокат районундагы Күнгɵй-Кожеке айылынан келген Бүажар Казыканованын катышуусунда кыргыз улуттук баш кийими – элечек жасоо кечеси болду. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Бүажар Казыканова кыргыздын улуттук кийим-кечесин, боз үй жасалгаларын жасаган Кыргызстандагы белгилүү уздардын бири. Кечеге… Кененирээк…

Криштиану Роналду араб клубуна өтөөрү тууралуу кептерди четке какты

Криштиану Роналду 1-январдан тарта арабдардын «Аль Наср» клубуна өтөт деген кептерди четке какты. Журналисттердин тиешелүү суроосуна футболчу «бул чындыкка дал келбейт» деп жооп берди. Кийинчерээк чабуулчу Чемпиондор Лигасынын клубунун сунушун күтүп жаткандыктан, «Аль-Насрга» өтүүгө макул болбогону белгилүү болду. Массалык маалымат каражаттары келишимдин каржылык жагы Роналду… Кененирээк…

Кыргызстанда кыйноо фактылары азайганы кабарланды

Кыргызстанда акыркы беш жыл ичинде ички иштер органдарында кыйноого алуу фактылары бир жарым эсе азайды. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматына караганда, 2018-жылы тергөө абактарында жана убактылуу кармоочу жайларда ар бир үчүнчү киши кыйноого кабылганын билдирсе, акыркы мезгилде ар бир бешинчи киши кайрылууда. Кыргызстан… Кененирээк…

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Бишкекке келди

Евразиялык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жыйын 9-декабрда Бишкекте өтөт. Маалыматка ылайык, 8-декабрда Михаил Мясникович министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Бишкек инвестициялык саммитинин ачылышына… Кененирээк…

Жыл башынан бери мамлекеттик карызды жабууга 30 млрд сом бөлүндү

Кыргызстан жыл башынан бери мамлекеттик карызын жабууга республикалык бюджеттен 30 миллиард сомдон ашуун бөлдү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, анын 10 миллиарды ички карызга, 20 миллиард сомдон көбү тышкы карызга кетти. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызынын жалпы суммасы дээрлик 435 миллиард сомду… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Бек-Абад” өткөрмө бекетин оңдоп-түзөө иштери аяктады

Сузак районуна караштуу кыргыз-өзбек чек арасындагы “Бек-Абад” өткөрмө бекетин оңдоп-түзөө иштери аяктады. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, постту жаңыртууга мамлекеттик бюджеттен 3 миллион сом бөлүнгөн. Бекет Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынан кийин ачылат деп күтүлүүдө. “Бек-Абад” посту ишке кирсе, Жалал-Абад жана Ош шаарларына коңшу… Кененирээк…

Бишкектеги суук декабрдын ортосуна чейин сакталат

Бишкектеги суук декабрдын ортосуна чейин сакталат.   Синоптиктердин маалыматына ылайык, ушул жуманын аягында суук дагы күчөйт. Эс алуу күндөрү аба табы ордо калаада күндүз -10, ал эми түнкүсүн -13 градуска чейин түшөт.   Бейшембиде кар жаап, жума күнгө чейин токтобойт. 15-декабрдан кийин гана суук бир… Кененирээк…