Ысык-Көлдө быйыл 15 пансионатка иштөөгө уруксат берилген жок

Ысык-Көлдө быйыл 15 пансионатка иштөөгө уруксат берилген жок. Анткени, алардын саркынды суу системасы жок, — деди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адиси Таалай Далбаев.   Ал эске салгандай, мындай тапшырманы Садыр Жапаров берген. Эс алуу аймактарынын жетекчилигине кемчиликтерди жоюуга жыл аягына чейин убакыт… Кененирээк…

Кыргызстандын энергетикалык тармагын башкаруудагы реформа сентябрда жыйынтыкталат

Кыргызстандын энергетикалык тармагын башкаруудагы реформа сентябрда жыйынтыкталат. “Улуттук электр тармактары” компаниясынан билдиришкендей, алгач бир нече ишканаларды бириктирүү пландалууда.   Алсак, “Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектр”, “Ошэлектр” жана “Жалал-Абадэлектр” компаниялары “Улуттук электр тармактарына” кошулат. Муну менен 1 миллиард сом үнөмдөлүп, каражат кубаттуулукту жогорулатууга багытталат.

Билим берүү министрлиги мектептерда акча чогултууну мыйзамдаштыруу ниетинде

Билим берүү министрлиги мектептерда акча чогултууну мыйзамдаштыруу ниетинде. Ведомство жетекчиси Алмазбек Бейшеналиевдин айтымында, учурда өлкөдө төлөмдөр боюнча бирдиктүү тарифтик саясат жок.   Бирок мектептерди оңдоого, зарыл материалдарды сатып алууга бюджеттен акча бөлүнбөйт, андыктан директорлор бул абалдан чыгуу үчүн өздөрү чечим кабыл алат.   Бул процедураны… Кененирээк…

Аксы районунда 5 спорт зал жана 4 кичи футбол аянтчасы курулууда

Аксы районунда 5 спорт зал жана 4 кичи футбол аянтчасы курулууда. Объектилер Кызыл-Капчыгай, Мүкүр, Кашка-Суу, Райкомол айылдарында жана Кербен шаарында пайда болот.   Алар жакынкы арада колдонууга берилет. Курулушка каражат республикалык жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн, андан тышкары, демөөрчүлөр дагы колдоо көрсөттү.

Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жаралды

Республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, мындай абал бүгүн жана эртең сакталат.   Себеби – туруксуз аба-ырайы жана нөшөрлөгөн жаан-чачын.  Жарандарга этият болуп, тоолуу трассалар менен сапарга чыгуудан баш тартуу сунушталат.

Ордо калаанын Мурас-Ордо конушундагы мектептин курулушу 95 пайызга аткарылды

Ордо калаанын Мурас-Ордо конушундагы мектептин курулушу 95 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Биринчи май районунун акими Максат Сазыкулов билдирди. Анын айтымында, имаратта 1 миңге чейин бала билим ала алат.   Бул Кыргызстан боюнча эң чоң мектептердин бири болот. Буга чейин Мурас-Ордо конушунун окуучулары Озерное айылына же… Кененирээк…

Баткенде мектеп директорлугуна сынактан 60 талапкер өттү

Баткенде мектеп директорлугуна сынактан 60 талапкер өттү. 98 мектепти жетектөө үчүн жалпысынан 147 талапкер сынакка катышкан.   Мектеп директору болуу үчүн талапкердин 7 жылдык педагогикалык иш тажрыйбасы, тиешелүү жогорку билими болушу шарт.   Эске салсак, Садыр Жапаров жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо… Кененирээк…

Ысык-Көлдө таштандыны кайра иштетүүчү эки завод курулат

Ысык-Көлдө таштандыны кайра иштетүүчү эки завод курулат. Бул тууралуу Суу жана жер ресурстары башкармалыгынын начальниги Таалай Далбаев билдирди.   Анын айтымында, долбоорлорду ишке ашырууга каражат республикалык бюджеттен алынат, андан тышкары, инвестицияларды тартуу пландалууда. Тиешелүү токтом долбоору даярдалып, министрлер кабинетинин кароосуна жөнөтүлдү.   Чиновник белгилегендей, кайра… Кененирээк…

Америка тургуну ата-энесин сотко берди

Америка тургуну ата-энесин сотко берди.   Кыз ата-эне андан уруксат сурабай эле жарыкка алып келишкенине нааразы. Анын пикиринде, эми ал өмүр бою ата-энесинин айынан жан багуу үчүн иштөөгө аргасыз.   Жыйынтыгында, адилет органы анын арызын канааттандырып, ата-энесин ай сайын кызга 5 миң доллардан төлөөгө милдеттендирди.… Кененирээк…

Жаңы окуу жылынын башталышына карата мектептерде өрт коопсуздугу текшерилип жатат

Жаңы окуу жылынын башталышына карата мектептерде өрт коопсуздугу текшерилип жатат.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, инспекторлор 2 миң мектеп жана 500дөн ашык бала бакчаны карап чыгат.   Биринчи кезекте өрткө каршы автоматтык сигнализация, электр жабдуулардын абалы, эвакуация планы жана тилсиз жоону өчүрүү шаймандарынын болушу… Кененирээк…