Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү белгиленди

Оштогу Алымбек-Датка этнографиялык комплексинде Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө дүйнө классиктеринин, кыргыз жазуучуларынын китептеринин көргөзмөсү өтүп, театралдаштырылган оюн-зоок жана концерттик программа уюштурулду. Белгилеп кетсек, бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова Монголиядагы Азия чемпионатында күмүш медалга татыды

Айсулуу Тыныбекова Монголиядагы Азия чемпионатында күмүш медалга татыды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн финалда япониялык Нонока Озакиге жеңилип калды. Таймаштын бүтөрүнө бир мүнөт 40 секунд калганда Тыныбекова оң бутунан жаракат алып, дарыгер беттешти уланта албай турганын айтты. Натыйжада, алтынга япон балбаны татыды. Белгилеп кетсек, Айсулуу Тыныбекова Токио… Кененирээк…

Улуттук банк коммерциялык банктарга долларды сатууга коюлган чектөө маселеси боюнча комментарий берди

Улуттук банк коммерциялык банктарга долларды сатууга коюлган чектөө маселеси боюнча комментарий берди. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен такташкандай, банк коммерциялык банктарга чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө эч кандай чектөөлөрдү койгон эмес. Белгилеп кетсек, бүгүн жергиликтүү маалымат каражаттары айрым коммерциялык банктарда доллар… Кененирээк…

Кыргызстанда аз камсыз 27 миң үй-бүлөгө байытылган ун жана май таратылат

Кыргызстанда аз камсыз 27 миң үй-бүлөгө байытылган ун жана май таратылат. Эмгек министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Россия берген 810 тонна ун жана 120 тонна өсүмдүк майын алды. Жардам «Эмгек ордуна азык-түлүк» долбоорунун катышуучуларына берилет. Мындан тышкары, башталгыч класстардын окуучулары үчүн акысыз түшкү тамак… Кененирээк…

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына бюджеттен 100 миллион сом бөлүнөт

Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына бюджеттен 100 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Маданият министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, каражаттын жарымы өнөрпоздордун даярдануусу жана барып келүүсү үчүн, теңи спортчуларга каралган. Эске салсак, Кыргызстан демилгелеген Дүйнөлүк көчмөндөр оюну быйыл биринчи жолу чет жакта — Түркиянын Изник шаарында уюштурулат.… Кененирээк…

Кыргызстанда доллардын расмий курсу кайра жогорулады

Кыргызстанда доллардын расмий курсу кайра жогорулады. Улуттук банктын сайтындагы маалыматка ылайык, эртеңки күнгө доллардын номиналдык курсу 80 сом 87 тыйын деп белгиленди. Муну менен 1 АКШ валютасы 0,62 пайызга же 51 тыйынга жогорулады. Ордо калаадагы акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда аталган валюта учурга карата… Кененирээк…

Кыргызстандан Казакстанга кире турган жүк ташуучу унаалар тыкыр көзөмөлдөнөт

Кыргызстандан Казакстанга кире турган жүк ташуучу унаалар тыкыр көзөмөлдөнөт. Бул үчүн Салык кызматынын, ИИМдин, Унаа жана жолдор министрлигинин, Чек ара кызматынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү. Мындан ары алар “Ак-Тилек” өткөрмө-бекетине жакын айланма жолдо иш алып барышат. Мамлекеттик салык кызматынын такташкандай, коңшу мамлекетке жолго чыккан айдоочулар… Кененирээк…

Быйыл туризмди өнүктүрүүгө 1 миллиард 40 миллион сом каралды

Быйыл туризмди өнүктүрүүгө 1 миллиард 40 миллион сом каралды. Бул тууралуу Маданият министри Азамат Жаманкулов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Аткаминердин айтымында, каражаттын 1 миллиарды Туризмди өнүктүрүү фондуна, калганы туризм департаментине бөлүндү. Ал кошумчалагандай, сумма туристтик объектилерди курууга жумшалат.

Чүй облусундагы айланма жол аркылуу өтүү акылуу болот

Чүй облусундагы айланма жол аркылуу өтүү акылуу болот. Унаа жана жолдор министрлигинин орун басары Нурланбек Кайынбаевдин айтымында, аталган трасса калыбына келтирилет. Кайра курууга 150 миллион доллар керектелет. “Дордой” базарынын аймагында узун тыгындар бар экенин билесиңер, ал жакка алты тилкелүү жол салууну пландап жатабыз. Айланма жол… Кененирээк…

Бишкекте түнкү сугат иштерине уруксат берүү процедурасы жөнөкөйлөштүрүлдү

“Бишкексууканал” ишканасы түнкү саат 12ден таңкы 5ке чейин таза суу менен жашыл аянтчаларды сугарууга уруксаат берүү процедурасын жөнөкөйлөштүрдү. Мэриядан белгилешкендей, эми жеке сектордун тургундары суу каналга кайрылбастан, кезекке да турбастан, почта же терминал аркылуу каражат төлөп, түнкү сугатка автоматтык түрдө уруксат ала алышат.