Кыргызстанда көмүрдүн баасы бир айда 8,4 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда көмүрдүн баасы бир айда 8,4 пайызга кымбаттады. Учурда өлкөдө көмүрдүн бир тоннасы орточо эсеп менен 5 миң 600 сомго барабар. Кара отунга болгон эң жогорку баалар Ноокатта — тоннасы 10 миң сом, Баткенде – 9,5 миң  сом жана Исфанада – 8 миңден сатылууда. Муну… Кененирээк…

Бишкектин жашоочуларына турак жай жана имараттарды жылытуу үчүн тыюу салынган нерселерди отко жакпоо сунушталат

Бишкектин жашоочуларына турак жай жана имараттарды жылытуу үчүн тыюу салынган нерселерди отко жакпоо сунушталат. Муниципалитеттен эскертишкендей, талапка баш ийбегендерге мыйзам чегинде 7,5 миң сомдон 23 миң сомго чейин айып салынат. Тиешелүү иштер менен Санитардык-экологиялык инспекция алектенүүдө. Ордо каланын 4 району боюнча көзөмөл жүргүзүлөт.

Жаңы жылдан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн электр энергиясына болгон төлөмдөрү арзандайт

Жаңы жылдан тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн электр энергиясына болгон төлөмдөрү арзандайт. Президент Садыр Жапаров коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргендей, 2022-жылдын 1-январынан баштап аталган категориядагы жарандар электр энергиясы үчүн 77 тыйындын ордуна 50 тыйындан төлөп калат. Калган 27 тыйын бюджеттин эсебинен жабылат. Муну менен 110 миңден… Кененирээк…

Айдоочуларга унааларды бак-дарактардын жана жеңил конструкциялардын алдына токтотпоо сунушталат

Айдоочуларга унааларды бак-дарактардын жана жеңил конструкциялардын алдына токтотпоо сунушталат. Мэриядан эскертишкендей, бактардын жана бутактардын кулаганына күбө болгондор 1840 жана 1850 чалуу борборуна билдирип койсо болот. Байланыш күнү-түнү жеткиликтүү.  

Кара-Балта шаарында дагы тарифтер 15 сом болот

Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында жол кире кымбаттагындан кийин, эми кезек Кара-Балта шаарында. Шаардык кеңеш тарифтерди көтөрүү боюнча жаңы чечим кабыл алды. Ага ылайык, Кара-Балта шаарынын ичинде каттаган маршруттук таксилерде пенсионерлер жана 5-класска чейинки окуучулар үчүн жол кире 10 сом болот. Калган жүргүнчүлөр 15 сомдон… Кененирээк…

Алдыда өтө турган добуш берүүгө карата партиялардын шайлоо фонддоруна 3,2 эсе аз каражат түштү

Алдыда өтө турган добуш берүүгө карата партиялардын шайлоо фонддоруна 3,2 эсе аз каражат түштү. 2020-жылы өткөн шайлоого салыштырмалуу чыгымдар дагы 4,1 эсе төмөн, — деп билдиришти БШКдан. Анан белгилешкендей, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 208 миллион сом түштү, анын 162 миллион сомду чыгымдарга жумшалды. Ал эми… Кененирээк…

Кыргызстанда декабрдан тартып АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы жөнгө салынат

Кыргызстанда декабрдан тартып АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы жөнгө салынат. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка караганда, министрлер кабинети тиешелүү чечимди кабыл алса, аталган агенттик күйүүчү-майлоочу майга бааны жөнгө салуу боюнча чара көрөт. Белгилеп кетсек, учурда Экономика министрлиги демилгелеген АИ-80, АИ-92 жана… Кененирээк…

Бишкекте конуштардагы жер тилкелерине документ берүү үчүн мобилдик топ түзүлөт

Бишкекте конуштардагы жер тилкелерине документ берүү үчүн мобилдик топ түзүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. Мобилдик топ жеринде иш алып барат. Учурда «2012-жылдын 3-августуна чейин өзүм билемдик менен курулган жеке турак жайлар тургузулган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууда. Долбоор 29-ноябрга чейин… Кененирээк…

Шайлоого байланыштуу “Жалалабатэлектр” ишканасы дагы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт

Шайлоого байланыштуу “Жалалабатэлектр” ишканасы дагы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. 28-ноябрда облуста жайгашкан шайлоо участкалары электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздалат.   Ишканадан билдиришкендей,  компаниянын энергетиктери облустагы 435 шайлоо тилкесин тейлейт. Ар бир участкага бирден электромонтёр, көзөмөлдөөчү кассир бөлүнүп, шайлоо тилкеси өз ишин жыйынтыктаганча нөөмөттө турат.  … Кененирээк…

Бишкекте ишкерлерди тейлөө борбору ачылды

Бишкекте ишкерлерди тейлөө борбору ачылды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, мындан ары ишкерлерге мамлекеттик кызматтардын дээрлик бардык түрү бир жерде көрсөтүлөт.   Алсак, юридикалык жактарды, жеке ишкерлерди каттоо, кайра каттоо, ишин токтотуу; салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду жана декларацияларды берүү сыяктуу иштерди Ибраимов… Кененирээк…