Бишкекке Ирандан Кыргызстандын жарандары кайтып келди

Бишкекке Ирандан Кыргызстандын жарандары кайтып келди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн Иран Ислам Республикасынан 16 кыргызстандык кайтарылды. Мекендештер Тегеран шаарынан чартердик катам менен Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна учуп келишти. Коңшу өлкөдөн алар унаа менен чыгарылды. Чет өлкөдөгү мекендештерди өлкөгө жеткирүү иштери тынымсыз аткарылууда.

Бишкекте пневмониянын оор түрү менен ооруканага келип түшкөн 101 жаштагы карыя айыкты

Бишкекте пневмониянын оор түрү менен ооруканага келип түшкөн 101 жаштагы карыя айыкты. Учурда бейтап үйүнө чыкты, абалы жакшы деди, — президент менен өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын жетекчиси Гүлмира Баитова. Дарыгердин айтымында, кылым жашаган аксакал аталган медициналык мекемеде дарыланган. Белгилей кетсек, Кыргызстанда акыркы суткада 653… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы жергиликтүү компания жеке коргонуу каражаттарын чыгара баштады

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы жергиликтүү компания жеке коргонуу каражаттарын чыгара баштады Мекеменин жетекчиси Кубан Жусуевдин айтымында, өндүрүш мекемеси ар кандай ишканаларга, анын ичинде өлкөнүн күч түзүмдөрү үчүн атайын кийимдерди тигүү менен алектенет. Ишкана коронавирус пандемиясы учурунда кайрадан профилдештирилген.

Жалал-Абад шаарындагы бир катар көчөлөрдө газ берүү токтотулат

Жалал-Абад шаарындагы бир катар көчөлөрдө газ берүү токтотулат. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, эртең, таңкы саат 9дан кечки 5ке чейин Кыргыз Республикасы, Гоголь, Дзержинский, Рабочая жана Чернышевский көчөлөрүндө көгүлтүр от болбойт. Убактылуу чектөө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.

Токмокто күндүзгү стационарга медициналык жардам алууга кайрылгандардын саны азаюуда

Токмокто күндүзгү стационарга медициналык жардам алууга кайрылгандардын саны азаюуда. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, июль айынын башында медицина кызматкерлеринен жардам алуу үчүн күнүнө 500дөн адам кайрылса, 1-августта бул көрсөткүч 215ти түздү. Кечээ болгону 178 бейтап кайрылды. Дарылоо мекемеси бир ай мурда спорт мектебинин имаратында ачылган. Ага… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде мугалимдер жетишсиз

Кыргызстан мектептеринде мугалимдер жетишсиз. Орто билим берүү мекемелерине 2 миң 250 педагог талап кылынат. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кадрлардын жетишсиздиги учурда Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарында, ошондой эле Бишкекте курчуп турат. Ал эми Талас жана Нарын облустарында вакансия аз.… Кененирээк…

Сауд Арабиясынын Мекке шаарында быйылкы ажылык сапар аягына чыкты

Сауд Арабиясынын Мекке шаарында быйылкы ажылык сапар аягына чыкты. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам, бул ирет зыяратка жергиликтүү жана чет өлкөлүк 10 миң гана адам катыша алды. Кааба ташын айлануу учурунда да аралыкты сактоо талабы коюлду. Жашы 60тан жогорку карыялар киргизилген жок. Санитардык талаптар сакталышы… Кененирээк…

Эл аралык уюмдар Кыргызстанга 9 миллион сомдук гуманитардык жардам беришти

Коронавирус пандемиясы учурунда эл аралык уюмдар Кыргызстанга 9 миллион сомдук гуманитардык жардам беришти. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров билдиргендей, эл аралык уюмдардан гуманитардык жардам жеке коргонуу каражаттары, гигиеналык заттар жана башка товар түрүндө келди. Мындан тышкары Кыргызстандагы дарыгерлерге жардам берүү максатында чет өлкөлөрдөн медицина кызматкерлери… Кененирээк…

Кыргызстанда туруктуу эл аралык аба каттамдар август айында ачылышы анык эмес

Кыргызстанда туруктуу эл аралык аба каттамдар август айында ачылышы анык эмес. Бул өнөктөш өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында белгилүү болду, — деди «Азаттыкка» Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев. Анын айтымында, аба жолдорун уюштурууга Россия, Түркия, Дубай жана Казакстан макулдугун берген жок. Бирок аталган өлкөлөргө чартердик… Кененирээк…

Ордо калаада 60 көчө оңдоп-түзөөдөн өтөт

Ордо калаада 60 көчө оңдоп-түзөөдөн өтөт. Мэриядан билдиришкендей, иштер “Бишкек шаарынын жол тармактарын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Иштерди буга чейин долбоордун биринчи фазасын жүзөгө ашырган компания жүргүзөт. Анын алкагында ордо калаада 5 көпүрө салынып, узундугу 70 чакырымды түзгөн 60 көчө оңдолот. Иштер кытай тарап келишимди… Кененирээк…