Диетологдор сүйүктүү тамак-аштардан диета учурунда дагы баш тартпоо керектигин белгилешет

Диетологдор сүйүктүү тамак-аштардан диета учурунда дагы баш тартпоо керектигин белгилешет. Эксперттердин айтымында, арыктоону каалагандар алгач адаттагыдан азыраак жегенге көнүшү керек. Бирок ошол эле учурда сүйүктүү азыктардан баш тартуу организмдин психологиялык абалына терс таасирин тийгизет. Ал эми калыбынан козголгон нерв – салмак кошууга түз алып барат

Букингем сарайы Елизаветы II Instagram алып барган адамды издейт

Букингем сарайы Елизаветы II Instagram алып барган адамды издейт. Адис жаңылыктарды координациялап, соцтармак үчүн контент түзүшү керек. Андан тышары, кызматкер сүрөт жана видео тартканды жана ар түрдүү анимацияларды түзгөндү билүүсү зарыл. Мындай адистин келечекте кызматтык өнүгүшүнө кепилдиги камсыздалып, жылына 37 миллион доллар төлөнүп берилет

Жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспорттун баасы азырынча белгисиз

Жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспорттун баасы азырынча белгисиз. novosti.kgге Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, документтин баасы ал канча беттен турганына байланыштуу болот. Алсак, 50 беттен турган бланктын эле баасы – 470 сом, ал эми 32 барактуунун баасы – 407 сом. Бирок документти жаратууда өндүрүш чыгымдары да… Кененирээк…

Быйыл Каракол шаарында дагы 2 көчө калыбына келтирилет

Быйыл Каракол шаарында дагы 2 көчө калыбына келтирилет. Novosti.kgге Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгнөн билдиришкендей, кеп, Пржевальск жана Токтогул тилкелери тууралуу болуп жатат. Долбоор Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашат. Жумуштар каражат бөлүү маселеси чечилгенден кийин башталат. Бул максатта дээрлик 300 миллион сом керектелет. Жалпысынан 3… Кененирээк…

Кыргызстанда алкоголдук продукция кымбаттайт

Кыргызстанда алкоголдук продукция кымбаттайт. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, арак, ликер, этил спирти жана коньяктарга жаңы  акциз салыгынын ставкасы киргизилди. Ал эми алкоголу аз суусундуктардын акциздери мурдагы боюнча калды. Белгилеп кетсек, ставкалар жылдагы практикага ылайык көтөрүлдү. Кийинки эки жылда дагы акциздер жогорулайт.

Республикалык бюджет чыгымынын дээрлик 42 пайызы мамлекеттик кызматкерлердин айлыгына жумшалат

Республикалык бюджет чыгымынын дээрлик 42 пайызы мамлекеттик кызматкерлердин айлыгына жумшалат. Былтыркы жылга карата маалыматты каржы министрлигинен беришти. Ведомстводон белгилешкендей, мамлекеттик кызматкерлердин окладына 62 миллион сом багытталды. Бул суммага негизги маяна жана кошумча каражаттар, компенсациялар кирет. Ал эми соцфонд салымдары 7 миллион сомдон ашты.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Анда Батыш Европанын фондундагы эмгектер тартууланды. Көргөзмөгө 80ден ашык живопись, графика жана скульптура эмгектери коюлду. Алардын авторлору – Италиянын, Франциянын, Германиянын жана Голландиянын XVI-XX кылымдар аралыгындагы искусство чеберлери. Алар Алберт Дюрер, Эжен Делакруа, Ян-Баптист… Кененирээк…

Бишкекте эркин күрөш боюнча өлкө чемпионаты башталды

Бишкекте эркин күрөш боюнча өлкө чемпионаты башталды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш бүгүн эртең спорт ордосунда өтөт. Балбандар бүгүн 5 салмак категориясында күч сынашат. Спорттук иш-чарага көрүүчүлөр киргизилбейт. Бардык санитардык эрежелер сакталат. Чемпионат улуттук курама командаларды түзүү максатында өткөрүлүп жатат.

Чүй облусунун Кайыды шаарчасында жаңы үй-бүлөлүк медициналык борбор курулат

Чүй облусунун Кайыды шаарчасында жаңы үй-бүлөлүк медициналык борбор курулат. Калаа мэриясынан билдиришкендей, мекемеде 36 бөлмө болот. Долбоорду ишке ашыруунун сметалык баасы дээрлик 18 миллион сомду түзөт. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Курулуш иштерин быйыл күзгө чейин аяктоо пландалууда. Кошумчаласак, учурда медицина кызматкерлери бейтаптарды мындан 51 жыл… Кененирээк…

Бишкекте 1-февралдан тартып мектеп жана бала бакчаларды ачуу маселеси чечиле элек

Бишкекте 1-февралдан тартып мектеп жана бала бакчаларды ачуу маселеси чечиле элек. Кабарга Санэпидем көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдиргендей, учурда бул маселе талкууланып жатат. Белгилеп кетсек, мэрияга 1-февралдан тарта бардык мектеп жана мектепке чейинки даярдоо мекемелерин салттуу режимге өткөрүү боюнча расмий буйрук келген эмес.… Кененирээк…