Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Японияга 5:1 эсеби менен утулду

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Японияга 5:1 эсебинде утулду. Оюн Япониянын Суйта шаарынын Panasonic стадионунда өттү. Мелдештин биринчи бөлүгү 1:3 эсеби менен аяктап, жалгыз голду Мирлан Мурзаев киргизген. Экинчи бөлүктө Япония курама команданын дарбазасына дагы эки топ киргизгенге үлгүрдү. Командалар дүйнө чемпионатына тандап алуу… Кененирээк…

Европа Чемпионатынын финалына 45 миң адам киргизилет

Лондондун “Уэмбли” стадионунда өтө турган Европа Чемпионатынын жарым финалына жана жыйынтыктоочу оюндарына 45 миң адам киргизилет. Мындай чечим Улуу Британия карантиндик чектөөлөрдү жумшартканына байланыштуу кабыл алынды. Учурдагы беттештерди көрүүгө 22,5 миң гана күйөрман киргизилип жатат. Анын ортосунда оюн өтө турган стадион өзүнө 90 миңге чейин… Кененирээк…

Ысык-Көлдө 3 балдар лагери эс алуучуларды кабыл алууга даяр

Ысык-Көлдө 3 балдар лагери эс алуучуларды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу novosti.kgге өкмөттүн аймакттагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Аймакта жалпысынан 13 лагер бар. Калгандары даярдыкка жараша ачылат. Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, быйыл аталган мекемелердин ишине чектөөлөр жок. Лагерлер болгону санитардык талаптарды туура сакташы керек.

Кыргызстандан учууга мүмкүн болгон эл аралык аба каттамдар көбөйүүдө

Кыргызстандан учууга мүмкүн болгон эл аралык аба каттамдар көбөйүүдө. 23-июндан тартып Кувейт—Бишкек—Кувейт багытындагы жаңы туруктуу аба жолдору ачылат. “Манас эл аралык аэропортунун” маалыматына ылайык, каттамдар жумасына 2 ирет – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.

11-июлда кайра өтө турган шайлоого добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмеси тилкелерге илинди

11-июлда кайра өтө турган шайлоого добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмеси тилкелерге илинди. Жарандан маалыматтар менен таанышып, аларга өзгөртүүлөрдү киргизе алышат,- дешти БШКдан. Жалпысынан Бишкек, Ош жана Токмокто добуш берүүгө катышууга 600 адамдын укугу бар. Жарандар шайлоо тилкесин билүү үчүн “Тизме” порталына кирип же 1255 жана… Кененирээк…

Сузакта шахта урап эки адам калып калды

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Маркай айылында жайгашкан шахта урап, эки адам калып калган. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет. Билдирүүгө ылайык, жерине саат 14:45те ӨКМдин беш куткаруучусу, Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 офицер жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган. Учурда куткаруучулар… Кененирээк…

Футбол боюнча Кыргызстан — Япония беттеши өтүп жатат

Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Япониянын Суйта шаарындагы Panasonic стадионунда Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча курама командалары беттешип жатат. Бул азыркы этаптагы акыркы оюн. Эске салсак, буга чейин курама команда Японияда эки беттеш өткөрүп, биринчисинде Монголияга 0:1 эсебинде утулуп калса, экинчиде Мьянманы 8:1 ири упай менен… Кененирээк…

Баткен облусунун Максат айылындагы мектепти калыбына келтирүү иштери уланууда

Баткен облусунун Максат айылындагы мектепти калыбына келтирүү иштери уланууда. Учурда дубалдарды, эшик жана телезе блокторун демонтаждоо иштери жүрүп жатат, — дешти мамлекеттик курулуш агенттигинен. Капиталдык оңдоп-түзөө иштерине республикалык бюджеттен 15 миллион сом бөлүндү. Пландалгандай, мектептин ремонтун 10-августка чейин бүтүрүү пландалууда. Эске салсак, билим берүү мекемеси… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрүн саны 90 миң 612ге жетти

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрүн саны 90 миң 612ге жетти. Республикалык штабдан билдиришкендей, алардын 59 миң 893ү экинчи дозаны алды. Аймактар боюнча айта турган болсок, вакцина алгандардын көбү Бишкекке, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарына туура келет. Кошумчаласак, өлкөдө вакцинация кампаниясы кытайлык жана россиялык 190 миң… Кененирээк…

Бишкектин мурдагы вице-мэри мыйзамсыз баюга шектелүүдө

Бишкектин мурдагы вице-мэри мыйзамсыз баюга шектелүүдө. УКМКнын маалыматына ылайык, 2019-20-жылы иштеген чиновник кызмат абалынан пайдаланып, байланышы бар компанияларга көп кабаттуу үй куруу үчүн уруксат кагаздарын алууга жардам берген. Вице-мэрдин Бишкекте өзүнө жана жакындарына катталган 7 жер тилкеси, 15 мекеме, 11 батир, 10 унаа токтотуучу жай,… Кененирээк…