Японияда жалгыздык көйгөйүн чече турган министрлик түзүлөт

Японияда жалгыздык көйгөйүн чече турган министрлик түзүлөт. Өлкө бийлиги мындай кадам менен жалгыз адамдарга жардам берүүнү көздөйт. Пандемия маалында жалгыз жашаган жарандардын өзүнө кол салган учурлары кескин көбөйдү. Андыктан ушундай маселелердин үстүнөн иштөө боюнча аталган кызмат ордун түзүү кабыл алынды

БШК жергиликтүү кеңештерге өтө турган шайлоонун календарлык планын бекитти

БШК жергиликтүү кеңештерге өтө турган шайлоонун календарлык планын бекитти. Документке ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы 20-февралга чейин шайлоо округдарынын аймагын бекитиши керек. Ал эми 25-февралга чейин маалымат жарыяланышы зарыл. Белгилеп кетсек, 11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт. Анын 28и шаардык болсо, 420сы айылдык

«Бавария» клубдар арасында дүйнө чемпиону аталды

«Бавария» клубдар арасында дүйнө чемпиону аталды. Р-Спорт басылмасы билдиргендей, германиялык команда Мексиканын «ТИгрес» курамасын 1:0 эсебинде жеңип алды. Оюнда жалгыз голду 59-мүнөттө БенжамЕн ПавАр киргизди. Финалдык беттеш Катардын Эр-Райян шаарында өттү. Германиялык команда муну менен 2-ирет аталган мелдештин жеңүүчүсү болду. «Бавария» алгачкы ирет 2013-жылы клубдар… Кененирээк…

Кыргызстандын жаңы муфтийи 5-апрелде шайланат

Кыргызстандын жаңы муфтийи 5-апрелде шайланат. Мындай чечимди Аалымдар кеңеши кезектеги протоколдук жыйында кабыл алды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти. Белгилеп кетсек, Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси кызматына талапкерлерден арыздар 17-февралда кабыл алынып баштайт.

Бишкекте мектептер жана бала бакчалар каражаттын жетишсиздигинен ачылбай жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Бишкекте мектептер жана бала бакчалар каражаттын жетишсиздигинен ачылбай жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ордо калаа вице-мэри Айжан Чынабаева ишендиргендей, сатып алына турчу каражаттын бары бюджетке киргизилген. Ушул сыяктуу соцтармактарда жалган маалыматтар тарап жатат. Вице-мэр кошумчалагандай, муниципалитет мектептерде билим берүүнү жандантууда биринчи кезекте балдардын ден-соолугуна… Кененирээк…

Мамлекеттик ипотекалык компания 15-февралдан тартып билдирүүлөрдү онлайн кабыл алууну жандандырат

Мамлекеттик ипотекалык компания 15-февралдан тартып билдирүүлөрдү онлайн кабыл алууну жандандырат. Компаниянын расмий сайтында жарыялангандай,  эми жарандар 15-февралдан тартып билдирүүлөрүн аралыктан эле жибере болот. Аталган система буга чейин жумушчу долбоордун мөөнөтү аяктаганына байланыштуу токтотулган. Бирок программа жакшы жыйынтык көрсөттү. Айрым техникалык жана юридикалык маселелер чечилгенден кийин… Кененирээк…

Россияда жашы жете элек балдардын билим алышы үчүн смартфон колдонууга тыюу салынды

Россияда жашы жете элек балдардын билим алышы үчүн смартфон колдонууга тыюу салынды. Жаңы эрежени Роспотребнадзор киргизди. Бирок балдар смартфондорун мектепке бир гана ата-энеси менен байланышуу үчүн алып келсе болот. Ал эми сабактарды даярдоого компьютер, моноблок же интерактивдүү доскаларды колдонуу сунушталат. Ошондой эле планшет жана ноутбуктарга… Кененирээк…

Американын Техас штатында болуп көрбөгөндөй авария катталды

Американын Техас штатында болуп көрбөгөндөй авария катталды. Массалык маалымат каражаттары билдиришкендей,  ири аварияда 133 унаа кагышты. Жол кырсыгына трассаны каптаган муз жана муз аралаш жамгыр себеп болду. Бир нече каза тапкандар жана ондогон жабырлануучулар катталды. Авария болгон жол тосулду. Анда тазалоо иштерин жүргүзүүгө бир нече… Кененирээк…

Кыргызстан муфтийинин милдетин убактылуу Жоробай ажы Шергазыев аткарат

Кыргызстан муфтийинин милдетин убактылуу Жоробай ажы Шергазыев аткарат. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Шергазыев учурда муфтийдин орун басары болуп эмгектенет. Эске салсак, Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси кызматына талапкерлерден арыздар 17-февралда кабыл алынып баштайт.

Жалал-Абад шаарынын бюджети бекитилди

Жалал-Абад шаарынын бюджети бекитилди. Турмуш басылмасы билдиргендей, быйылкы жылдын бюджети 528 миллион сомду түзүп, сумма былтыркыга салыштырмалуу 37 миллион сомго көп болду. Быйыл шаарда муниципалдык базар, асфальт завод куруу жана эс алуу бактарын, бала бакча, бир катар социалдык объектилердин имараттарын жана аялдамаларды калыбына келтирүү пландалууда.… Кененирээк…