Гулжигит Алыкулов Казакстандын «Кайрат» клубуна өттү
Кыргызстан футбол курамасынын жарым коргоочусу Гулжигит Алыкулов Казакстандын «Кайрат» клубуна өттү. Бул тууралуу Футбол федерациядан билдиришти. Келишим 2 жылга жана 1 жылга узартуу шарты менен түзүлдү. Белгилей кетсек, Алыкулов буга чейин, Беларусиянын «Неман» клубунда ойноп келген.