Оштогу 86 карантиндик-санитардык түйүндүн 14ү ишин улантат
Оштогу 86 карантиндик-санитардык түйүндүн 14ү ишин улантат. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдиргендей, райондор аралык, облустун чек арасындагы жана Ош, Өзгөн, Кара-Суу шаарларына кире беришиндеги посттор алынган жок. Райондор арасында да эркин өтүүгө уруксат берилбейт. Ал эми айылдардагы посттордун баары алынды.