Кыргызстанда бир сутка ичинде 25 бейтап коронавирустан айыкты

Кыргызстанда бир сутка ичинде 25 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 10, Ош шаарында 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абадда 6, Нарында 6 киши ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 370ке жетти.

Топ болуп видео чалуулар эми Фейсбукта дагы жеткиликтүү

Топ болуп видео чалуулар эми Фейсбукта дагы жеткиликтүү. Аталган сервистин жардамы менен бир учурда 50гө жакын адам видео чалуу менен баарлаша алат. Конференцияларды Facebook жана Facebook Messenger тиркемелери аркылуу ишке ашырса болот.   Дагы бир өзгөчөлүк видео чалууга Фейсбукка катталбаган адам дагы кошула алат.

Бишкекте ишканалардын ачылышы тууралуу айтуу эрте

Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев борбор калаага киргизилген чектөөлөр боюнча билдирүү жасап, аны Facebook баракчасына жарыялады. «Мага көптөгөн билдирүүлөр түшүп жатат, өзүмдүн байкоомдо да сулуулук салондору 1-майдан тарта иштей баштайт дегендер көп болууда. Тургундар ишканаларынын ачылышына даярданып жаткандай. Азыр бул тууралуу айтуу эртелик кылат», — деди… Кененирээк…

Өкмөт Россиядагы кыргызстандыктарга 4 миллион сом которду

Өкмөт Россиядагы кыргызстандыктарга 4 миллион сом которду. Элчиликтен билдиришкендей, каражат дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдындагы штабга түштү.   Акча COVID -19 илдетин жуктуруп алгандарга, ооруп жаткандарга,  көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге, кош бойлуу аялдарга, жашы улгайган кишилерге убактылуу жатакана, тамак-аштан жардам берүүгө жумшалат.

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын баасы 1 сомго арзандады

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын баасы 1 сомго арзандады. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.   Анын айтымында, буга дүң баанын төмөндөп кетиши себеп болду. Май айынын башында күйүүчү майдын наркы дагы 1 сомго арзандашы күтүлүүдө. Ошондой эле, дизель отуну дагы бир сомго… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 17 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 17 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурблот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 7, Чүй облусунда 1, Ош шарында 1, Нарында 2, Баткенде 2, Жалал-Абадда 2, Ош облусунда 2 учур катталды.   Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны… Кененирээк…