Баткенде 10 миңден ашуун адам үйүнө бара элек

Баткенде чек арадагы каргашада үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болгон 10 миңден ашуун киши үйүнө кайта элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин 1-октябрда тараткан маалыматына караганда, эвакуация болгон 137 миңдей кишинин көбү туруктуу жайгашкан жерлерине кайтып барышты. Үйлөрү жашоого жараксыз болгон жарандарга облус боюнча… Кененирээк…

Ош шаарынын коомдук жайларына жаңы сорттоочу урналар орнотула баштады

Ош шаарындагы коомдук жайларга “Ош-Тазалык” ишканасы тарабынан жаңы сорттоочу урналарды орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Орнотуу учурунда адамдар көп жүрүүчү жерлерге өзгөчө көңүл бурулат: коомдук транспорт аялдамалары, парктар, сейил бактар. Долбоордун негизги максаты – калк арасында таштандыларды сорттоону калыптандыруу. Бүгүнкү күндө… Кененирээк…

ТИМ кыргыз жарандарын Тажикстанга барбай турууга чакырды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды Тажикстанга убактылуу барбай турууга чакырды. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, кыргыз жарандарын Душанбедеги эл аралык аэропорттон кармап, Тажикстандын аймагына негизсиз киргизбей жаткан учурлар көбөйүп жатат. Тажикстанда укуктары бузулган же кысым көрсөтүүлөр болгон учурда жарандар Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментине же элчиликке… Кененирээк…

Украина НАТОго шашылыш тартипте кирүүгө арыз берди

Президент Владимир Зеленский Украина Түндүк атлантикалык аскердик уюмга (НАТО) шашылыш тартипте кирүүгө арыз бергенин жарыялады. Бул тууралуу ал 30-сентябрда өлкөнүн Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин отурумунун жыйынтыгында жарыялаганын «Азаттык» жазды. “Де-факто биз НАТОго кирүүчү жолду басып өттүк. Де-факто биз Түндүк атлантикалык уюмдун стандарттарына шайкеш келерибизди далилдедик.… Кененирээк…