Ош шаарында Бирдиктүү депозиттик эсептен курулуп жаткан мектеп жыл аягында бүтөт

Ош шаарында Бирдиктүү депозиттик эсептен курулуп жаткан мектеп жыл аягында бүтөт. Учурда билим берүү мекемесинин курулуш иштери план боюнча жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Нариманов атындагы мектепке кошумча салынып жаткан имараттын курулушу өткөн жылдын декабрында башталган. Ал 500… Кененирээк…

Бишкектин четиндеги аскердик госпиталда бейтаптарды текшерүү үчүн 100 орун даярдалды

Бишкектин четиндеги аскердик госпиталда бейтаптарды текшерүү үчүн 100 орун даярдалды. Бул коронавируска каршы иш-аракеттердин алкагында шектүүлөрдү текшерүү үчүн деди, — Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Рыспек Сыдыгалиев. Эгер госпиталь пайдаланыла турган болсо медициналык жардамга муктаж аскерлер республикалык ооруканаларга жөнөтүлөт. Мындан тышкары, чек араларда —… Кененирээк…

Кытайдын Ухань шаарында курулуп жаткан бейтапкана 2-февралда пайдаланууга берилет

Кытайдын Ухань шаарында курулуп жаткан бейтапкана 2-февралда пайдаланууга берилет. Шарттуу түрдө салынып жаткан медициналык мекеме вирусту жугузуп алган бейтаптарга карата курулууда. Анын жалпы аянты 25 миң чарчы метрди түзүп, ага бир эле учурда 1 миң бейтап жаткырылат. Ал эми учурда Кытайда 4,5 миң адам илдетти… Кененирээк…

Ашхабадда дарыгерлер жумуш учурунда телефон колдонбоого милдеттендирилди

Ашхабадда дарыгерлер жумуш учурунда телефон колдонбоого милдеттендирилди. Буга чейин Түркмөнстанда окуу жайларда да мобилдүү телефон колдонууга тыюу салынган. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы мектептерде окуучуларга гана эмес, мугалимдерге да мобилдүү телефон колдонууга тыюу салынганын маалымдаган. Түркмөн бийлиги калктын маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, бул багытта көзөмөлдү күчөтүүнү улантууда.

Кыргызстандыктардын АКШга кирүүсүнө чектей турган мыйзам талкууланат

Кыргызстандыктардын АКШга кирүүсүнө чектей турган мыйзам талкууланат. АКШнын эл өкүлдөрү палатасынын төрайымы Нэнси Пелоси келерки жумада Дональд Трамптын АКШга кыргызстандыктардын кирүүсүн чектеген жарлыгын жокко чыгара турган мыйзам долбооруна добуш берилерин айтты. Бул тууралуу өткөн жумада маалымат тараган. Анда 7 өлкө жарандарына чектөө киргизилээри белгиленген. Трамп… Кененирээк…

Короновирустун айынан Гонконгдо бет каптар 3 эсе кымбаттады

Короновирустун айынан Гонконгдо бет каптар 3 эсе кымбаттады. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, суткасына бир адамга эки кутудан ашык маска алууга уруксат берилбейт. Ал эми кардарлар узун кезекке тизилүүдө. Бет кап өндүргөн фабрика, заводдордун жетекчилери Жаңы жыл майрамында ишке чыккан жумушчуларынын маянасын төрт эсе жогорулатып… Кененирээк…

Бишкектеги №1 абак Чүй облусунун Ысык-Ата районуна көчүрүлөт

Бишкектеги №1 абак Чүй облусунун Ысык-Ата районуна көчүрүлөт. Тагыраагы Нооруз айылындагы №50 абактын аймагында болот. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары  Аскат Эгембердиев билдирди. Анын айтымында, №1 убактылуу кармоочу жай 80 жыл мурда, шаардын инфраструктурасы өнүгө электе курулган. Азыр шаарда ички миграцияга байланыштуу… Кененирээк…

Жакынкы арада Түркия жана Казакстанда өкүлчүлүк ачуу пландалууда

Жакынкы арада Түркия жана Казакстанда өкүлчүлүк ачуу пландалууда. Бул иштер жарандардын мыйзамдуу ишке орношуусун шарттайт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын башчысынын орун басары Самат Токтоболотов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы жеке агенттик аркылуу 8 миң кыргызстандык Түркияга мигрант болуп кетти. Учурда жеке агенттик аркылуу Кыргызстан… Кененирээк…

Кыргызстанда биометрикалык жалпы жарандык паспорт 2021-жылдан тартып бериле баштайт

Кыргызстанда биометрикалык жалпы жарандык паспорт 2021-жылдан тартып бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, буга чейинки тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган сот чечими жаңы сынак жарыялоого жол ачты. Бул чечим 2020-жылы сүйлөшүү жүргүзүүгө, тендер жарыялоого, биометрикалык паспорт киргизүү… Кененирээк…

Кыргызстан Кытайдан келген өсүмдүктөр импортун 1-февралга чейин токтотту

  Кыргызстан Кытайдан келген өсүмдүктөр импортун 1-февралга чейин токтотту. Бул тууралуу Өсүмдүктөр карантини департаментинин директору Илич Марсбек уулу билдирет. Анын айтымында, башкы себеп тараган вируска байланыштуу. Учурда биздин айыл-чарба продукцияга анализ жүрүүдө. Анын жыйынтыгына жараша чечим кабыл алынат. Эгерде чектөөлөр ата-мекендик рынокко терс таасирин тийгизсе,… Кененирээк…