Ошто алгачкы ирет Шахмат академиясы ачылды

Ошто алгачкы ирет Шахмат академиясы ачылды. Стол үстүндөгү спортту үйрөтүү мекемеси беш жаштан жогорку 200 баланы окутууга ылайыкташкан. Академияда Россиянын жана Индиянын үйрөтүү ыкмасы колдонулмакчы. Учурда ал жерде ондон ашык бала окуп жатат. Учурда өлкөдө акыл таймашынын бул түрүн кесипкөй деңгээлде окутуучу жети мекеме бар.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курамасы 5-орунда

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курамасы 5-орунда. Азия чемпионатынын жыйынтыгы боюнча биздин команда 114 упай топтоду. Индияда өткөн турнир кечээ жыйынтыкталды. Анда биздин балбандардын эсебинде 10 медаль бар. Биринчиликке жалпысынан 21 өлкө катышты. Эң алдынкы орунда Иран, кийинки саптарда Индия, Казакстан жана Япониянын командалары турат.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендерди дааратканага камагандарга карата атайын комиссия түзүлдү

Мүмкүнчүлүгү чектелгендерди дааратканага камагандарга карата атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев билдирди. Анын айтымында, министр тарабынан буйрукка кол койгондон тарта текшерүүлөр башталат. Эске салсак, буга чейин ММКларда Бишкектеги карылар жана майыптар үчүн шаардык социалдык стационардык мекемесинде тартипти бузган… Кененирээк…

Токмоктун калкынын саны 6,5 миң адамга көбөйдү

Токмоктун калкынын саны 6,5 миң адамга көбөйдү. Апрель айында шайлоо өтүүчү шаарларда массалык каттоого тургандарды Башкы прокуратура текшерүүсүн улантып жатат. Белгилүү болгондой, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери үй ээлеринин уруксааты жок жарандарды каттоого алган. Ошондой эле жарандардын тиешелүү документтери көрсөтүлгөн эмес. Аталган фактыга кылмыш иши козголуп, сотко… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш жерлердин маселечи чечилди

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш жерлердин маселечи чечилди. Тажикстандын “Азия-Плюс” басылмасы билдиргендей, кечээ эки өлкөнүн вице-премьер министрлери Акрам Мадумаров жана Азим Иброхим 23 гектар жер тилкесин алмашуу тууралуу макулдашууга кол коюшту. Эми алмашылган жер эки өлкөгө 50 пайыздан тиешелүү болот. Бирок келишимде кайсы жер экендиги тууралуу… Кененирээк…

Бишкекте ушул жума жаан-чачындуу болот

Бишкекте ушул жума жаан-чачындуу болот. Синоптиктер билдиришкендей, бүгүн кечинде жана түндө катуу жаан жаайт. Эртең жана шаршембиде асманды ала-булут каптап турат. Күндүз жаан-чачынсыз, абанын табы 15,17 градуска чейин жогорулайт. Бейшембиде кайрадан эртеден кечке нөшөрлөгөн жамгыр жаайт. Жумада жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми эс алуу күндөрү температура… Кененирээк…

Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына даярдык көрүлүп жатат

Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына даярдык көрүлүп жатат. Иш-чаранын планы бекитилди. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, маданий-массалык жана театрлаштырылган көрсөтүүлөргө даярдыктар башталды. Иш-чаралар республика боюнча өтөт. Бишкекте аскерий парад уюштурулса, Ошто “Жеңиш оту” марафону жүргүзүлөт. Белгилеп кетсек, өлкө боюнча учурда 262 ардагер жашап жатат.

Кыргызстан Кытайдын жарандарына виза берүүнү токтотту

Кыргызстан Кытайдын жарандарына виза берүүнү токтотту. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди. Анын айтымында, чектөө киргизилиши убактылуу. Кытайдагы жана дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык абалга жараша виза берүүнү жандантуу жана чек араны ачуу маселелери боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат. Учурда Бишкекте 61 кытай… Кененирээк…

Баткен районунда суу ташкындарынан коргоо иштери жүрүп жатат

Баткен районунда үй жана социалдык объектилерди суу ташкындарынан коргоо иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, куткаруучулар Самаркандек айылынын Кулан тилкесиндеги каналды тазалашууда. Ошондой эле агымды туура нукка буруу жүрүүдө. Бул иштер Жаңыбак, Ортосай айылдарын жана мектеп, бала бакчаларды суу каптоодон сактайт.

Япониядагы саякат кемесиндеги кыргызстандык жарандын абалы жакшы

Япониядагы саякат кемесиндеги кыргызстандык жарандын абалы жакшы. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, ал кемеден чыгарылып, Япониядагы бейтапканада. Андан коронавирустун белгилери катталган жок. Эске салсак, кыргызстандыктын каютадагы кошунасынан илдеттин белгилери табылган. Алар чогуу лайнерде тейлөөчү кызматтарда иштеп келишкен. Мындан улам, Кыргызстандык дагы вируска шектүүлөрдүн катарында болчу.