Президент ишинде өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарды сыйлады

Өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына Кыргызстанда ар кыл тармакта ийгилик жаратып, өзгөчөлөнгөн жарандарга президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган салтанатта сүйлөп жатып Жапаров мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевдин өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн түзүү жана чыңдоодогу эбегейсиз эмгегин белгилеген.  … Кененирээк…

Ак-Сай өрөөнүнө медициналык илимий-изилдөө базасы уюштурулат

Нарын шаарында кыргыз-швейцар бийик тоолуу медицина жана изилдөө симпозиуму өтүп жатат. Ага Европанын 17 өлкөсүнөн келген 40 окумуштуу-дарыгер теңиртоолук медиктер менен тажрыйбасын бөлүшүүдө. Төрт күндүк иш-чара 18-сентябрда башталган.   Эл аралык симпозиумда чет өлкөлүк дарыгерлер тоолуу аймакта жашаган калкка мүнөздүү ооруларды аныктоо, аларды алдын алуу… Кененирээк…

АКШнын тургуну башкы тилегин орундатуу менен бирге миллион долларга дагы байып алды

АКШнын тургуну башкы тилегин орундатуу менен бирге миллион долларга дагы байып алды.   Эркек көп жылдан бери унаа оңдоочу жай ачууну пландап жүрүп, акыры максатына жетти.   Биринчи жумуш күндөн кийин эле ал дүкөнгө барып, бактысын сынап көрүүнү чечип, лотерея билетин сатып алат. Ошол жерден… Кененирээк…

Синоптиктер октябрдын аба-ырайы тууралуу маалымат менен бөлүштү

Синоптиктер октябрдын аба-ырайы тууралуу маалымат менен бөлүштү.   Күздүн экинчи айына карата божомолдорду Кыргызгидромет түздү. Алсак, өлкөнүн түндүгүндө термометр мамычалары күндүз +24, түнкүсүн +3 градусту көрсөтөт.   Бирок түнкүсүн 3 градуска чейин суук дагы жүрүшү мүмкүн. Түштүктө күндүзгү температура +12 ден +25ке чейин жетсе, түнкүсүн… Кененирээк…

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы кытайлык фирма менен кызматташуу боюнча макулдашуу кабыл алды

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы кытайлык фирма менен кызматташуу боюнча макулдашуу кабыл алды. Компания бир нече ири долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатат, анын ичинде Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу жана Луговая – Балыкчы темир жолуна электр энергиясын өткөрүү бар.   Жакынкы арада… Кененирээк…

Кыргызстан аймактарында жыл аягына чейин 6 жаңы калкты тейлөө борбору ачылат

Кыргызстан аймактарында жыл аягына чейин 6 жаңы калкты тейлөө борбору ачылат. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, алар Араван, Түп, Кемин, кызыл-Суу, Таш-Дөбө жана Ново-Покровка айылдарында пайда болот.   Белгилеп кетсек, жалпысынан бүгүнкү күндө өлкөдө 31 калкты тейлөө борбору иштеп жатат. Аларда электрондук кезек системасы киргизилип,… Кененирээк…

Алдыдагы парламенттик шайлоого карата 28 мамлекетте 57 шайлоо тилкеси ачылат

Алдыдагы парламенттик шайлоого карата 28 мамлекетте 57 шайлоо тилкеси ачылат.   БШКдан билдиришкендей, бул чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктардын добуш берүү укугун камсыздоо үчүн жасалууда.   Биометрикалык маалыматын тапшырган жана консулдук каттоого турган жарандар автоматтык түрдө шаайлоочулардын тизмесине киргизилди. Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда… Кененирээк…

“Манчестер Юнайтеддин” чабуулчусу Криштиану Роналду дүйнөдөгү эң көп кирешелүү футболчу аталды

“Манчестер Юнайтеддин” чабуулчусу Криштиану Роналду дүйнөдөгү эң көп кирешелүү футболчу аталды.   Форбс басылмасынын версиясы боюнча,  2021-22-жылдын сезонунда португалиялык форвард 106 миллион 600 миң евро тапты.   Бул салыктарды эске алганда. Муну менен ал башкы атаандашы Лионель Мессини артта калтырды. Учурда “ПСЖнын” чабуулчусу 93,8 миллион… Кененирээк…

“Сокулук-Бишкек-1” темир жолу аркылуу транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилди

“Сокулук-Бишкек-1” темир жолу аркылуу транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилет.   Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Жол бүгүн кечки саат 5ке чейин жабык болот. Чектөөлөр Алыкулов көчөсүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу.   Тыгындарды жаратпоо максатында унаалар Садыгалиев көчөсү аркылуу өткөрүлүп жатат.

Парламенттик шайлоодо жарандар бир гана ID-картасы менен колдоно алат

Парламенттик шайлоодо жарандар бир гана ID-картасы менен колдоно алат.   Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Өздүктү тастыктоочу башка документтер – айдоочу күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана аскер билети жарабайт.   Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Добуш берүү бул ирет аралаш система менен өтөт.