Бишкекте жол эрежелерин бузуулардан өлкө бюджети 84 миллион сомго толукталды

Бишкекте жол эрежелерин бузуулардан өлкө бюджети 84 миллион сомго толукталды. Жыл башынан берки маалымат менен милициянын Кайгуул кызматы бөлүштү.   Ага ылайык, январдан октябрь айына чейин 200 миңден ашык протокол түзүлгөн. Эң эле көп катталган бузуулардын арасында унааны мас абалында башкаруу жана айдоочу күбөлүгү жок… Кененирээк…

Энергетика министрлиги өз күчү менен Кыргызстанда бир нече кичи ГЭСтерди курат

Энергетика министрлиги өз күчү менен Кыргызстанда бир нече кичи ГЭСтерди курат. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Доскул Бекмурзаев жарыялады. Анын айтымында, кеп Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл жана Төрт-Көл станциялары тууралуу болуп жатат.   Учурда Бала-Саруу ГЭСинин курулушу уланууда. Бекмурзаев белгилегендей, Кыргызстан үчүн кичи гидро электр станцияларын өнүктүрүү… Кененирээк…

Индияда түшүмгө кол салган маймылдардан тажаган дыйкан өзгөчө ыкма ойлоп тапты

Индияда түшүмгө кол салган маймылдардан тажаган дыйкан өзгөчө ыкма ойлоп тапты. Карнатака штатынын тургуну Шрикант Гоуданын талаасын дайыма маймылдар талап кетчү.   Кийин ал итин арстанга окшоштуруп боеп койгон. Кызыгы, бул ыкма натыйжалуу болду. Маймылдар мындай жасалма “арстандан” коркуп, түшумгө кол салбай калды.

Боом капчыгайында унаа кыймылына чектөө киргизүү уланууда

Боом капчыгайында унаа кыймылына чектөө киргизүү уланууда. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 15-ноябрдан 19-ноябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт трассасынын 132-чакырымында таштарды атайлап түшүрүү иштери аткарылат.   Буга байланыштуу, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин унаалар бир тараптуу гана өткөрүлөт.   Бул аталган тилкеде таш… Кененирээк…

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды. Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында абал турукташты, — дешти Унаа жана жолдор министрлигинен.   Андыктан, транспорттун бардык түрү тоскоолдуксуз жүрүп жатат. Буга карабай, тоолуу аймактарга сапарга чыга турган айдоочуларга этият болуу сунушталат.

Сокулук районунун Алтын-Ордо тилкесинде таза суу системасы курулду

Сокулук районунун Алтын-Ордо тилкесинде таза суу системасы курулду. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, долбоорду ишке ашырууга 20 миллион сом жумшалды.   Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүндү жана жергиликтүү тургундар тарабынан чогултулду.

Кыргызстанда 13 статс-катчы кызматынан бошотулду

Кыргызстанда 13 статс-катчы кызматынан бошотулду. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Аталган чечим “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам күчүнө киргендигинен улам кабыл алынды.   Буга чейин президенттик администрация статс-катчылардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгында бул институттар натыйжалуулугун көрсөтө алган… Кененирээк…

Кыргызстанда 15 жаштан жогорку өспүрүмдөр дагы коронавируска каршы вакцина алып баштайт

Кыргызстанда 15 жаштан жогорку өспүрүмдөр дагы коронавируска каршы вакцина алып баштайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жарыялады.   Анын айтымында, учурда республикалык штаб бул маселени изилдеп жатат, акыркы чечим декабрда чыгарылат. Өспүрүмдөр өз эрки менен эмделет, — деп белгиледи чиновник.   Эске салсак,… Кененирээк…

Бишкекте Советтер Союзунун баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун эстелиги жаңыртылат

Бишкекте Советтер Союзунун баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун эстелиги жаңыртылат.   Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, буга чейин бетондон куюлган айкел колодон жасалып, алмаштырылат. Жаңыртылган эстелик легендарлуу Панфилов дивизиясынын 80 жылдыгына карата декабрда орнотулат.

Балыкчы – Каракол унаа жолунун курулушу 90 пайызга аяктады

Балыкчы – Каракол унаа жолунун курулушу 90 пайызга аяктады. Министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, учурда жеринде көпүрө салынып, түтүктөр өткөрүлүүдө.   Трассанын жалпы узундугу 141 чакырымды түзөт, учурда иштер анын 25-чакырымына чейинки тилкесинде жүрүп жатат. курулуш иштер соңуна чыккандан кийин жол 4 чийиндүү болуп, эл… Кененирээк…