Ошто №7 мектеп-гимназиясында жаңы корпус курулат

Ошто №7 мектеп-гимназиясында жаңы корпус курулат. novosti.kgге Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, курулуш 500 окуучуга чакталып, Бирдиктүү депозиттик эсептен которулган каражатка салынат.   Долбоорду ишке ашыруунун баасы 54 миллион сомду түзөт. Объект келе жаткан жылдын аягына чейин колдонууга берилип калат деп пландалууда.

Ички иштер министрлиги жол кыймылынын жаңы эржелерин иштеп чыкты

Ички иштер министрлиги жол кыймылынын жаңы эржелерин иштеп чыкты. Ведомстводон белгилешкендей, азыркы таптагы редакция 1999-жылы жазылып, моралдык жактан эскилиги жетип калды.   Алсак, анда көптөгөн заманбап түшүнүктөр жок, ал эми аларды өз-өзүнчө кошуу техникалык жактан мүмкүн эмес. Жаңы эрежелерге автобус, унаа, веломобиль, велосипед жолчолору, газон,… Кененирээк…

Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча 2 долбоорду караштырууда

Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча 2 долбоорду караштырууда. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, кеп, Кожомкул атындагы спорт ордосундагы бассейнди оңдоо жана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасын калыбына келтирүү тууралуу болуп жатат.   Эгер сунуштар кабыл алынса, 30 күндүн ичинде долбоорду даярдап, жеке… Кененирээк…

Ордо калаанын Көк-Жар конушунда жаңы мектептин курулушу башталды

Ордо калаанын Көк-Жар конушунда жаңы мектептин курулушу башталды. Мэриянын маалыматына ылайык, орто билим берүү мекемеси 550 окуучуга чакталат. Окуу класстарынан тышкары, анда спорттук зал, ашкана, китепкана жана медициналык блок болот.   Бардык иштер Азербайжандын каржылык колдоосу менен жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда мектеп куруу демилгеси… Кененирээк…

Медиктер жаңы жылдык майрамдардын алдында ботулизм оорусунан сактануу эрежелерин айтып беришти

Медиктер жаңы жылдык майрамдардын алдында ботулизм оорусунан сактануу эрежелерин айтып беришти. Болгону үй шарттарында герметикалык жабылган банкаларга эт, балык, козу карын, укроп, сабиз жана кызыл кызылчадан консерва жазабаш керек.   Анткени бул азыктарды ботулизм оорусун жайылтуучу майда бөлүкчөлөрдөн толугу менен тазалоо мүмкүн эмес. Дарттын алгачкы… Кененирээк…

Кыргызстанда курч респиратордук вирустарга кабылгандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда курч респиратордук вирустарга кабылгандардын саны өсүүдө. Бирок эпидемиологиялык абал туруктуу, — дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинен. Маалыматка ылайык, 16-23-декабрь аралыгында ооруканага кайрылгандардын саны өткөн жумага салыштырмалуу, 24 пайызга көбөйдү.   Алардын басымдуусу жаш балдар. Окуучулар арасында сасык тумоого кабылуу туруктуу көрсөткүчтө. Андыктан, мектептерди жана бала… Кененирээк…

Жаңы жылга карата үйдү майрамдык жасалгалоого болжол менен 2 миң сом керектелет

Жаңы жылга карата үйдү майрамдык жасалгалоого болжол менен 2 миң сом керектелет. Биздин кабарчылардын жүргүзгөн эсептөөлөрүнө ылайык, Бишкектин базарларында жасалма балатынын баасы бийиктигине жараша 1 миң сомдон жогору.   Оюнчуктардын топтомун көлөмүнө ылайык 150-350 сомго алса болот. Күйүп-жанган гирляндалардын эң арзанын 250 сомго тапса болот.… Кененирээк…

“Электрондук күндөлүк” системасы өлкөнүн 40 мектебинде иштеп жатат

  “Электрондук күндөлүк” системасы өлкөнүн 40 мектебинде иштеп жатат. Бул тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.   “Ар бир облустан мектептерди бөлүп бердик. Конкурстарды аябай өткөрүп, андан кийин мектептер менен сүйлөшүп, программаларды опробациялап көрүңүздөр. Эгерде мектепке, ата-энелерге, педагогдорго баарына жакса, биз… Кененирээк…

Ала-Тоо аянтында Жаңы жылдык салют аттырылат

Ала-Тоо аянтында Жаңы жылдык салют аттырылат. Бул тууралуу биздин радиого мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан такташкандай,  31-декабрда ордо калаанын башкы аянтында кечки саат 7де концерт башталып, ал түн жарымда салттуу майрамдык фейерверк менен жыйынтыкталат.   Көз жоосун алган фейерверк шаар тургундарын жана конокторун 6 мүнөт… Кененирээк…

Жогорку жана орто адистик окуу жайлар “Бирдиктүү терезе” системасын киргизүүдө

Жогорку жана орто адистик окуу жайлар “Бирдиктүү терезе” системасын киргизүүдө. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жаңычылдык студенттерге маалымкат алуу үчүн кабинеттерди кыдырбай, зарыл болгон бардык документтерди бир жерден эле алууга шарт түзөт.   “Бирдиктүү терезе” системасын алгачкылардан болуп Ош мамлекеттик университети киргизди. Андан кийин жаңычылдык… Кененирээк…