Токмокто окуу-машыгуу учагы кулады

Токмок шаарындагы жеке аэродромдо окуу-машыгуу учагы кулап түштү. Бул маалыматты «Кабар» агенттигине Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.   Ведомствонун маалыматына караганда, жабыркагандар жана каза болгондор жок.   Иштин материалдарын транспорт прокуратурасы карап жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя боюнча эч кандай маалымат түшө электигин… Кененирээк…

Улан Примов Эл аралык иштер комитетинин төрагасы болуп шайланды

Улан Примов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы болуп шайланды. Аны комитеттин жетекчиси кызматына 70 депутат «макул», бирөө «каршы» деген добуш берди. Примов Алай округунан шайланып келип, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясына кирген. Бир жылдай вице-спикер болуп иштеп, жакында кызматын тапшырган болчу. Бүгүн… Кененирээк…

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында эми QR-коддун жардамы менен накталай эмес дагы төлөсө болот

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында эми QR-коддун жардамы менен накталай эмес дагы төлөсө болот. Билим берүү министрлиги сыноо иретинде жаңы долбоорду ишке киргизди.   Ал үчүн Мамлекеттик техникалык университет тандалып алынган. Система 3 ай сыноодон  өтөт, андан кийин башка жогорку окуу жайларга дагы киргизилет. Жаңычылдык каражатты… Кененирээк…

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк жана Кубакы ашуулары кыймылга ачык

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк жана Кубакы ашуулары кыймылга ачык. Бул тууралуу Novosti.kgге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Буга чейин айрым чектөөлөр киргизилген Бишкек – Нарын – Торугарт жана Бишкек – Ош трассалары аркылуу унаалардын бардык түрү эч тоскоолдуксуз өтүп жатат.   Бир гана… Кененирээк…

Чыңгыз Айдарбековдун ордуна Улан Примовдун талапкерлиги сунушталууда

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгына Улан Примовдун талапкерлиги сунушталууда. Учурда аны шайлоого даярдык көрүлүп жатат. Добуштар жабык түрдө берилет. Примов Алай округунан шайланып келип, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясына кирген. Бир жылдай вице-спикер болуп иштеп, жакында кызматын тапшырган болчу. Комитеттин төрагасы… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Курулуш компанияларынын бири Бишкекте көп кабаттуу үйдү мыйзамсыз салып жатканы аныкталып иши токтотулганын Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги кабарлады.   Маалыматка караганда, объект Медеров көчөсү 74, 76, 78 дарегине салынып башталган. Мамлекеттик агенттик котлованды казуу иштерине тыюу салган. «Айтылган объект боюнча курулуш компаниясына карата үй… Кененирээк…

Rolls-Royce компаниясы алгачкы электр унаасын тартуулады

Rolls-Royce компаниясы алгачкы электр унаасын тартуулады. Ал ашкере байлыктын жана алдыңкы технологиялардын айкалышы. Узундугу 5 метрди түзгөн салондун салмагы дээрлик 3 тоннага жетет.   Электр кубаты менен жүргөн унаанын максималдуу ылдамдыгы саатына 100 чакырым жана ал бир кубатталса, 500 чакырымга чейин жүрө алат. Электрокардын болжолдуу… Кененирээк…

RestPoint эс алуу түйүндөрүндө электр унаалар үчүн кубаттагычтар орнотулат

RestPoint эс алуу түйүндөрүндө электр унаалар үчүн кубаттагычтар орнотулат.   Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, алгач мындай станциялар 8 жерде пайда болот – Кемин, Кажы-Сай, Нарын, Талас, Сосновка, Ош, Баткен жана Кара-Көлдө. Кийин кубаттагычтар өлкөнүн бардык RestPoint түйүндөрүндө орнотулат.   Эске салсак, учурда аталган эс алуу… Кененирээк…

Депутаттар Чыңгыз Айдарбековду комитет төрагалыгынан кетиришти

Жогорку Кеңештин депутаттары Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков кызматтан алынды. Буга чейин спикер Нурлан Шакиев үч фракция, эки топ Айдарбековго ишеним көрсөтпөй комитет жетекчилигинен артка чакырып алууну сунуштаганын айткан. Бирок талкуу учурунда кээ бир депутаттар фракциялар чечим чыгарбаганын айтышты.… Кененирээк…

Көк бөрү боюнча өлкө чемпионаты Таласта өтмөй болду

Жаштар жана чоңдор арасында көк бөрү боюнча өлкөнүн чемпионаты Таласта өтөрүн Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Мелдеш 25-30-октябрь күндөрү Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында болот. Чемпионатка республиканын бардык аймактарынан жана Бишкек, Ош шаарынан келген командалар катышат.   Чемпионаттын жалпы байге фонду… Кененирээк…