Кыргызстанда рубль жүгүртүүгө киргизилгени боюнча маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстанда рубль жүгүртүүгө киргизилгени боюнча маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.  Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен эскертишкендей, өлкөдө мыйзамдуу түрдө төлөм каражаты катары сом гана киргизилген.   Андыктан, өлкөдөгү товарларлардын жана кызматтардын баасы сом менен гана көрсөтүлүшү керек.   Эки тараптуу сүйлөшүүлөр менен… Кененирээк…

Кыргызстанда 7-апрель дем алыш бойдон калды

Кыргызстанда 7-апрель дем алыш бойдон калды. Эмгек жана социалдык камсыздандыруу министрлигинен белгилешкендей, 7-апрель — Апрель элдик революциясынын күнү белгиленет.   Белгилеп кетсек, өтүп кеткен жылдын декабрында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу 23-февралдын, 7-апрелдин жана 8-ноябрдын макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам… Кененирээк…

Касым-Жомарт Токаев май айында Бишкекке келет

28-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашып, жолугушуу Алмата шаарында өткөнүн билдиришти. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду. Талант Мамытов боордош эки элдин бардык багыттагы… Кененирээк…

Доллар дагы 3 сомго арзандады

Доллардын сомго карата баасы дагы төмөндөдү. Өлкөнүн коммерциялык банктарында жана акча алмаштыруу жайларында долларды сатып алуу 86 сом 20 тыйындан 87 сомго чейин болсо, сатуу 88 сом 20 тыйындан 89 сомго чейин чейин болууда. Белгилей кетсек, бүгүн, 28-март саат 8:19га карата өлкөдө долларды сатып алуу… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 24 миллион 683 миң сомго айланат

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 24 миллион 683 миң сомго айланат. Чыгашалар сметасын БШК бекитти. Каражат добуш берүүгө арналган каражаттарды сатып алууга жана операторлордун айлыгына жумшалат.   Эске салсак, жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарында өтөт. Добуш берүү 10-апрелге белгиленди.

Кыргызстанда казинолорду кайрадан ачуу сунушталды

Кыргызстанда казинолорду кайрадан ачуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика министрлиги иштеп чыкты. Документте өлкөдөгү оюн-зоок мекемелердин ишкердүүлүк негиздери, мамлекеттик жөнгө салуу, ээлеринин жоопкерчилиги жана кардарларга талаптар жазылган. Белгилеп кетсек, казинолор жана оюн-зоок мекемелери атайын лицензия алынгандан кийин гана ачылат.   Лицензияны алыш үчүн ишкерлер акча… Кененирээк…

Орозо быйыл 2-апрелде башталат

Орозо быйыл 2-апрелде башталат.   Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Кадыр түн 28-апрелге караган түнгө туура келет. Ыйык рамазан айы 2-майда Орозо айт менен жыйынтыкталат.

“Реал Мадрид” “ПСЖнын” чабуулчусу Килиан Мбаппеге жылына 25 миллион евро төлөөгө даяр

“Реал Мадрид” “ПСЖнын” чабуулчусу Килиан Мбаппеге жылына 25 миллион евро төлөөгө даяр. Бул тууралуу спорт басылмалары жазып чыкты. Андан тышкары, команда футболчуга ири бонустарды дагы убадалап жатат.   “Реал” жайкы транфсердик убакта 210 миллион еврого оюнчуларды сатып ала алат.   Эске салсак, Мбаппенин “ПСЖдагы” келишими… Кененирээк…

52 окуучу республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү аталды

52 окуучу республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү аталды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, алар кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география жана тарых сабактары боюнча билимин сынашты.   Белгилеп кетсек, Олимпиада тапшырмаларына Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары… Кененирээк…

Калкты жана турак-жай фондун каттоо боюнча суроолору менен жарандар мэриянын түз байланыш номерлерине чала алышат

Калкты жана турак-жай фондун каттоо боюнча суроолору менен жарандар мэриянын түз байланыш номерлерине чала алышат.  Муниципалитеттен белгилешкендей, Бишкектин 4 району боюнча телефондор иштеп жатат, жарандар кызыктырган суроолору менен адистерге кайрылууда.   Түз байланыш номерлери Novosti.kg сайтынын кыргызча бөлүмүндө жеткиликтүү.   Эске салсак, эл каттоо өткөн… Кененирээк…