Бишкек мэриясы тез жардам унааларын сатып алат

Бишкек мэриясы тез жардам унааларын сатып алат. Бул үчүн шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы тендер жарыялады. Ага 14 миллион 740 миң сом бөлүндү. Жалпы тармактык бригадага берилүүчү машинелер дарылоочу-диагностикалык жабдуулар менен толук камсыздалышы керек. Сатылып алына турган «А» класстагы 6 техника ордо калаанын ыкчам медициналык борборуна… Кененирээк…

АКШ күзүндө аралыктан окуусун уланта турган чет өлкөлүк студенттердин визаларын жокко чыгарбайт

АКШ күзүндө аралыктан окуусун уланта турган чет өлкөлүк студенттердин визаларын жокко чыгарбайт. Буга чейинки киргизилген тыюу салууга Гарвард университети каршы чыкты. Ага ылайык, пандемияга байланыштуу күзүндө окуусу аралыктан улана турган студенттердин бардыгы өлкөдөн чыгып кетиши керек болчу. Учурда АКШдагы университет-коллеждердин көбү күзүндө окуу кандай уланарын… Кененирээк…

Өлкө боюнча 520 миңден ашык үй-бүлө азык-түлүк түрүндө жардам алды

Өлкө боюнча 520 миңден ашык үй-бүлө азык-түлүк түрүндө жардам алды. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди. Анын айтымында, жардам өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими киргизилген мөөнөт аралыгында таратылды. Анда министрликтин депозиттик эсебине 17,5 миллион сом чогулду. Комиссиянын чечими менен каражаттар… Кененирээк…

Бишкекке Түркиядан 330 жаран жеткирилди

Бишкекке Түркиядан 330 жаран жеткирилди. Алардын арасында жаш балдар бар,  -дешти Тышкы иштер министрлигинен. Кыргызстандыктар Стамбул —  Бишкек — Стамбул чартердик каттамы менен алынып келди. Бул учак менен дүйнөнүн 19 өлкөсүндөгү мекендештер кайтарылды. Буга Түркияда аба каттамдар жанданганы жана чет өлкөлүк жарандарына киргизилген чектөөлөр алынганы… Кененирээк…

Баткен облусуна 20 кычкылтек концентратору тапшырылды

Баткен облусуна 20 кычкылтек концентратору тапшырылды. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, дем алдыруучу аппараттар район жана шаарларга муктаждыкка жараша бөлүнүп берилди. Буга чейин облуста жасалма дем алдыруучу 42 аппарат, 134 кычкылтек концентратору бар болчу. Мындан сырткары күн сайын жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан аппарат алып бергендер көбөйүүдө.

Казакстандагы мектептерде жаңы окуу жылы аралыктан башталат

Казакстандагы мектептерде жаңы окуу жылы аралыктан башталат. Бул тууралуу өлкөнүн билим берүү министри Асхат Аймагамбетов билдирди. Анын айтымында, азырынча балдарды биринчи чейректе гана аралыктан окутуу каралууда. Эгер өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жакшырбаса, аралыктан окутуу кийинки чейректерде да улантылат. Дистанттык окутуу класстардагы балдардын саны аз, анча чоң… Кененирээк…

Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү ижарага алуу акысы убактылуу токтотулду

Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү ижарага алуу акысы убактылуу токтотулду. Мындай чара карантинге байланыштуу объектилер жабылгандыктан ижара акысы төлөнбөйт жана калыбына келтирүү үчүн бир ай улантылат, — деди Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исагулов. Анын айтымында, төлөмдөн бошотуу үчүн, ижарага алган ишкерлер мүлктүн ээси менен бирге акты… Кененирээк…

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын бир катар бөлүмү 19-июлга чейин карантинге жабык

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын бир катар бөлүмү 19-июлга чейин карантинге жабык. Мөөнөт аралыгында ишкана айдоочуларга ишеним кат берүүнү токтотот. Аталган документти берүү иштери менен нотариустар алектенет. Бирок унааны дароо ээсине каттатуу зарыл. Айып унаанын ээсине жазылгандыктан ишеним кат бербестен дароо каттоодон өткөрүүнү сунушталат.

Ат-Башы районунда жаңы завод ишке кирди

Ат-Башы районунда жаңы завод ишке кирди. Райондук администрациядан билдиришкендей, учурда анда 50 кызматкер эмгектенип, күнүнө 25 миң кирпич чыгарылууда. Өндүрүштү жылына 3,5 миллионго жеткирүү пландалууда. Заводдун жалпы аянты 5 гектар жерди түзөт. Курулуш иштерине 33 миллион сом жумшалды. Белгилеп кетсек, ишкана Ат-Башы районунун 90 жылдыгына… Кененирээк…

Кыргызстанга Түркияда эмгектенген 14 медицина кызматкери келди

Кыргызстанга Түркияда эмгектенген 14 медицина кызматкери келди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, алар Түркиянын медициналык окуу жайларында ординатурадан өтүп, мамлекеттик клиникаларында иштеген адистер. Кызматкерлерди республиканын бир ооруканасына жиберүү пландалып жатат. Ал жерде нөөмөт менен иштешет. Дарыгерлердин жол акысын жана өлкөдө жашоо чыгымын кыргызстандык ишкерлер өз мойнуна… Кененирээк…