Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун негиздемесин каржылоо макулдашылды

Кытай жана Өзбекстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну каржылоого катышууга макулдук берди. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын директору Азамат Сакиевдин айтымында, биринчи этапта Кыргызстан жалпы сумманын 20 пайызын төгөт. Ал эми экинчи этапта Кыргызстан 10, Өзбекстан 30 пайыз берет. Үчүнчү этапта Кытай 30… Кененирээк…

Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери улантылат

Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери улантылат. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, жумуштар 24-28-октябрь аралыгында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында аткарылат. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир гана тилкеде өткөрүлүп турат. Мындай иш-чаралар таш кулоо коркунучунун алдын алуу максатын көздөйт.

Баткенде тургундардын документтерин калыбына келтирүү иштери уланууда

Соңку окуяларда жабыр тарткан Баткен облусунун тургундарынын документтерин калыбына келтирүү иштери уланууда. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 600дөн ашык арыз түштү. Негизги иштер Баткен жана Лейлек райондорунда жүргүзүлүүдө. Жер-жерлерде бир нече мобилдүү топтор иштеп жатат.

Кыргызстандык спортчулар кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңди

Кыргызстандык спортчулар Түркиядагы кол күрөш (армрестлинг) боюнча дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Учурда Анталия шаарындагы армрестлинг жана пара армрестлинг боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Аталган мелдеште Кыргызстандык спортчулар эки алтын, жети күмүш, төрт коло утту. Чемпионат 23-октябрда… Кененирээк…

Баткен аэропорту бир айдан кийин ишке берилери күтүлүүдө

Баткен аэропорту бир айдан кийин ишке берилери күтүлүүдө. «Манас» эл аралык аба майданынын өкүлү Бакытбек Бекбача уулунун айтымында, ремонт иштери ноябрдын аягында аяктайт. Белгилеп кетсек, аталган аэрпортто учуп-конуу тилкеси талапка жооп бербейт деген негизде Жарандык авиация агенттиги 1-сентябрда сертификатты узарткан эмес. Мындан улам, 3-сентябрдан тарта… Кененирээк…

Нарын облусунда Куланак ГЭСинин курулушу башталды

Нарын облусунда Куланак ГЭСинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган гидроэлектрстанциянын кубаттуулугу 100 МВт болору пландалууда. ГЭС ишке киргенде жылына 450 миллион кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүп жатат. Белгиленгендей, бул бүтүндөй Нарын облусу электр энергиясы менен толук камсыздалат дегенди… Кененирээк…

Кыргызстан Борбор Азиядагы жарым-жартылай эркин Интернети бар жалгыз өлкө аталды

Кыргызстан Борбор Азиядагы жарым-жартылай эркин Интернети бар жалгыз өлкө аталды. Freedom House уюмунун маалыматы боюнча, мамлекет мүмкүн болгон 100 баллдан 53 упай топтогон. Казакстан 32, Өзбекстан 27 упайга ээ. Тажикстан менен Түркмөнстан рейтингде такыр эле жок. Тизме өткөн жылдын 1-июнунан ушул жылдын 31-майына чейин алынган… Кененирээк…

Испания туристтер үчүн коронавирустун бардык чектөөлөрүн алып салды

Испания туристтер үчүн коронавирустун бардык чектөөлөрүн алып салды. Бүгүнтөн тарта чет элдиктер ПЦР анализин жана эмдөө сертификатын көрсөтөй эле койсо болот. Белгилеп кетсек, Испания Европа Биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келген туристтер үчүн кирүү чектөөлөрү болгон жападан жалгыз өлкө болчу.

Мектептерде күзгү каникул 31-октябрда башталат

Мектептерде күзгү каникул 31-октябрда башталат. Билим берүү министрлиги билдиргендей, балдардын эс алуусу 6-ноябрга чейин уланат. Ал эми өлкөдө 7 жана 8-ноябрь иш күнү эместигин эске алганда, билим берүү мекемелеринде экинчи чейрек 9-ноябрда башталат.

Жарандарга электр энергиясын үнөмдөө сунушталат

Жарандарга электр энергиясын үнөмдөө сунушталат. Чүй электр тармактар ​​ишканасынын маалыматы боюнча, ордо калаада жарыкты суткалык керектөө бир топ көбөйдү. Авариялык өчүрүүлөрдү болтурбоо үчүн абоненттерге электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланып, эртең менен жана кечинде саат 7ден 9га чейин электр шаймандарын күйгүзбөө сунушталат.