Казакстан борборун кайрадан Астана деп өзгөрткүсү келет

Казакстан борборун кайрадан Астана деп өзгөрткүсү келет. Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев парламент депутаттарынын сунушуна макул болду. Сунуш Конституциялык мыйзам долбооруна киргизилди. Белгиленгендей, Касым-Жомарт Токаев Казакстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдеп, борбордун пайдубалын түптөөдө өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин салымы чоң экенин айтты. Мындан улам биринчи президенттин ысымы ыйгарылган… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз караңгылатылган 12 унаа аныкталды

Бишкекте рейд учурунда мыйзамсыз караңгылатылган 12 унаа аныкталды. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, айрым айдоочулар мамлекетке мыйзамдуу түрдө акча төлөп уруксат алгандан баш тартып, унааларынын алдыңкы жана каптал терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган. Рейддин жыйынтыгында 12 айдоочуга 20 миң сомдон айып салынып, унаалары айып короо жайына токтотулду.

ИИМ жол эрежесин бузгандарга жазаны катаалдаштырууну сунуштоодо

Ички иштер министрлиги жол эрежесин бузгандарга жазаны катаалдаштырууну сунуштоодо. Тактап айтканда, мас абалында унаа башкаргандар үч жылга айдоочулук кубөлүктөн ажыратылат. Мекеме жетекчисинин орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында, эгер мыйзам бузуу кайталанса, күбөлүк биротоло берилбейт. Тиешелүү документ мас абалындагы айдоочулардын катышуусунда көбөйгөн жол кырсыктарына байланыштуу иштелип… Кененирээк…

Коммерциялык банктар ипотекалык насыяларды мамлекеттин кепилдиги менен берет

Коммерциялык банктар ипотекалык насыяларды мамлекеттин кепилдиги менен берет. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Аида Төлөгөнова билдирди. Анын айтымында, кыргызстандыктар алгачкы төлөмдөн кыйналса, Кепилдик фондуна жардам сурап кайрылса болот. Кошумчаласак баштапкы төгүмдөрдүн суммасы бүгүнкү күндө бюджеттик мекемелерде иштегендер үчүн 10 пайызды, калган жарандар үчүн 30… Кененирээк…

ИИМдин Ички аскерлеринде күзгү чакыруу башталды

Кыргызстандын аймагында жарандарды мөөнөттүү аскер кызматына жана альтернативдик кызматтарга чакыруу боюнча күзгү кампаниясы ишке ашырылууда. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн 13-сентябрдан тарта ИИМдин Ички аскерлеринин аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жаш жоокерлерди кабыл алуу ишке ашырыла… Кененирээк…

Кумтөрдүн ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча үч кылмыш иши козголду

Кумтөрдүн ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча үч кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген. Буга чейин Кумтөрдө каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Атап айтканда, күйүүчү-майлоочу май, азык-түлүк, тетиктер базар баасынан жогору баада… Кененирээк…

Өлкөдө сүт өндүрүүчүлөргө дээрлик 28 миллион сом насыя берилди

Өлкөдө сүт өндүрүүчүлөргө дээрлик 28 миллион сом насыя берилди. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, каражатты бүгүнкү күндө 70 субъект алды. “Сүт тармагын насыялоо долбоору” бодо малдын санын көбөйтүүгө жана сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Насыя айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 500 миң сомго, фермалар үчүн 1 миллион сомго… Кененирээк…

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн спортзалдын курулушу аяктоо алдында

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн салынып жаткан спортзалдын курулушу аяктоо алдында турат. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 1 миң 875 чарчы метрди түзөт. Спорт комплексинде бардык заманбап шарттар каралган. Алсак, машыгуу залы, күрөш залы, медициналык бөлмө,… Кененирээк…

Ошто 50 жылдан бери ремонту жок турган “Бакыт үйү” оңдоодон кийин ачылды

Ош шаарындагы “Бакыт үйү” толук оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Жаңыланган имараттын ички бөлмөлөрү заманбап жасалып, сырты көрүнүшү да жакшыртылды. Көп кабаттуу үйдүн фасады боёлуп, имараттын алдына асфальт төшөлүп, айланасын жашылдандыруу иштери жүрдү. Алдыда шлагбаум коюлат. Оңдоо иштерине жалпы… Кененирээк…

Дүйнө чемпионатында Айпери Медет кызы алгачкы атаандашына утулуп калды

Айпери Медет кызы Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашына утулуп калды. Ал кытайлык Жуан Ванг менен килем үстүнө чыгып, 7:1 эсебинде жеңилип калды. Эгер Жуан Ванг финалга чыкса, анда Айпери Медет кызы көңүл жубатуучу кармашка чыгат. Эске салсак, Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын… Кененирээк…