Мектептерге электрондук кезек менен кабыл алуу системасы дагы 5 шаарда пайда болот

Мектептерге электрондук кезек менен кабыл алуу системасы дагы 5 шаарда пайда болот. Алар – Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок, — деп билдиришти Билим берүү министрлигинен.   Долбоор 15-февралда старт алат. Балдары быйыл 1-класска бара турган ата-энелер mektep.edu.gov.kg порталында каттоодон өтүшү керек. Эске салсак, буга… Кененирээк…

Алайда билим алып жаткан памирлик кыргыздарга 420 китеп жөнөтүлдү

Алай районуна көчүп келип, Харыбек Алимсеитов мектебинде билим алып жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери жөнөтүлдү. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Китептер бүгүн, 24-январда, Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтерине тапшырылган.   «Этникалык кыргыздар үчүн 50 даана «Алиппе», 50… Кененирээк…

Ошто жер титиреди

Ошто жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, зилзаланын очогу Тажикстанда жайгашып, күчү 6 баллга жетти. Ал Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында 4 балл, Баткен шаарында 3 балл болуп  сезилди.   Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Швейцария дүйнөдөгү эң кичинекей алтын тыйындарды чыгарды

Швейцария дүйнөдөгү эң кичинекей алтын тыйындарды чыгарды. Аларда белгилүү физика окумуштуусу Альберт Эйнштейн чагылдырылган. Белгилүү болгондой, жалпысынан 999 тыйын жарык көрдү.   Анын ар биринин диаметри болгону 3 миллиметрге барабар. Кызыгы, ар бир тыйын менен кошо топтомдо аны чоңойтуп көрүүгө мүмкүн болгон айнек дагы сатылат.… Кененирээк…

Бишкекте олимпиадалык резервдеги спорткомплексинин курулушу уланууда

Бишкекте олимпиадалык резервдеги спорткомплексинин курулушу уланууда. Объект “Чыгыш-5” кичи районунда жайгашат. Анын пайдубалын куюу аяктап калды, эки жумадан кийин дубалдарды тургузуу иштери башталат.   Жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзгөн спорт комплексинде 3 спорттук зал, кеңсе бөлмөлөрү орун алат. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 50… Кененирээк…

Панфилов районунда кыздарды уурдоо аракети көрүлгөн эмес

Панфилов районунда кыздарды уурдоо аракети көрүлгөн эмес. Буга Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан ишендиришүүдө. Милиция таркаткан видеодо, кыздардын ата-энеси сүйлөп, бул фактыны четке кагып жатат.   Эске салсак, Эркин-Сай айылында кара машине токтоп, андагы белгисиз адамдар окуучу кыздарды уурдоо аракетин көргөн видео социалдык тармактарда жайгаштырылган.… Кененирээк…

Кыргызстанга коронавирус келген учурга республикалык инфекциялык оорукана даяр

Кыргызстанга коронавирус келген учурга республикалык инфекциялык оорукана даяр. Башкы дарыгер Гүлжигит Аалиевдин айтымында, учурга карата биздин өлкөдө аталган дарт катталган жок.   Буга карабай, дарыгерлер кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иш алып барууда. Эске салсак, вируска ыкчам  аракет жасоо үчүн Кыргызстанда атайын штаб ишке киргизилди. Ага Саламаттыкты… Кененирээк…

Экономика министрлиги физикалык жактарга унаа импорттоодо салык ставкаларын алып салууну сунуштады

Экономика министрлиги физикалык жактарга унаа импорттоодо салык ставкаларын алып салууну сунуштады. Ведомстводон белгилешкендей, ушул январдан тартып ЕАЭБден тышкаркы мамлекеттерден унаа алып келүүдө бажы төлөмдөрү кескин кымбаттаганы машине импорттоону төмөндөтөт.   Бул болсо, Кыргызстан автопаркынын жаңыланышын кечеңдетет. Андыктан, физикалык жактарды унаа алып кирүүдө 3 жылга чейин… Кененирээк…

Төө-Ашууда кардын калыңдыгы 77 сантиметрди түздү

Төө-Ашууда кардын калыңдыгы 77 сантиметрди түздү. Бул тууралуу Кар көчкү коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Султанбек Белеков novosti.kgге билдирет. Анын айтымында, Бишкек – Ош унаа жолундагы кардын калыңдыгы өлкө боюнча эң бийин деп сакталууда. Ошондой эле, Чычкан капчыгайында жарым метр кар жатат. Ал эми Суусамырда жана Нарындын… Кененирээк…

Ош шаарында оркестр жана комузчулардын тобу түзүлөт

Ош шаардык маданият башкармалыгынын астында оркестр жана комузчулардын тобу түзүлөт. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Жапар Осмонов билдирди. Анын айтымында, аталган топ алгачкы ирет түзүлүп жатат. Ага калаа бюджетинен 1 миллион сом бөлүнөт. Ошондой эле маданият кызматкерлеринин айлык маселеси учурда чечилди, — деди Осмонов.