Бишкекте жаңы инфекциялык оорукананын курулушу графикке ылайык жүрүүдө

Бишкекте жаңы инфекциялык оорукананын курулушу графикке ылайык жүрүүдө. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, объектиде 50 адам иштеп жатат, атайын техника дагы тартылган.   Эске салсак, 100 орундуу жаңы медициналык жай Республикалык клиникалык ооруканын аймагында тез тургузулуучу конструкциядан курулуп жатат.

Ысык-Көлдө пансионат, конок үйлөрү жана башка туристтик объектилерде көзөмөл күчөтүлөт

Ысык-Көлдө пансионат, конок үйлөрү жана башка туристтик объектилерде көзөмөл күчөтүлөт. Жергиликтүү штабдан билдиришкендей, буга чейин сууга түшүү жана эс алуу боюнча алгоритм түзүлгөн, бирок эс алуу үйлөрүнүн бардыгы аны карманган жок.   Эми Саламаттыкты сактоо министрлиги жана санэпидем көзөмөлдүн кызматкерлери кирген атайын комиссия бардык пансионаттарды… Кененирээк…

Ош шаарынын мыкты окуучулары сыйланды

Бүгүн Ош шаарында мектептин алдыңкы окуучулары сыйланды. 2019-2020-окуу жылында мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн олимпиадада биринчи орун алгандарды жана жалпы республикалык тесттен алтын сертификат алгандарды калаа мэри Таалайбек Сарыбашов куттуктады. Өз сөзүндө шаар мэри жалпы жыйынтык канааттандырарлык болбой жатканын айтты:   «Билим берүү тармагына көңүл бурабыз.… Кененирээк…

Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукербергдин байлыгы биринчи жолу 100 миллиард долларды түздү

Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукербергдин байлыгы биринчи жолу 100 миллиард долларды түздү. Анын кирешеси TikTok тиркемеси жана Reels кызматын толук ишке киргизгенден баштап жогорулай баштаган. Цукербергден тышкары дүйнөдө эки гана адам 100 миллиард доллардан ашуун кирешеге ээ.   «Amazon» компаниясынын башкы директору Жефф Безос, анын кирешеси 190 миллиард… Кененирээк…

Австралияга жайдын саратанында кар жаады

Австралияга жайдын саратанында кар жаады. Августта жааган кар Жаңы Түштүк Уэльс штатынын тургундарын таң калтырды. Ак карга көмүлгөн бак-дарактардын, жолдордун сүрөт-видеолору социалдык тармактарга жүктөлүүдө.   Мындай аба-ырайы узак тыгындардын жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына себеп болду. Учурга карата 750дөн ашык үй жарыксыз калды.

Нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталат

Нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, ылай аралаш масса жакынкы күндөрү түшүшү мүмкүн.   Андан тышкары, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлөт. Жарандарга жана айдоочуларга этият болуу сунушталат.

Бишкекте коронавирустан каза болгондорду эскерүү акциясы өтөт

Бишкекте коронавирустан каза болгондорду эскерүү акциясы өтөт. Мэриядан билдиришкендей, 29-августта “Эскерүү шамы” акциясы уюштурулуп, кечки саат  9 жарымда Чүй проспекти, Чыңгыз Айтматов, Байтик баатыр, Ахунбаев жана Киев көчөлөрүнүн ортосундагы чырактар бир нече мүнөткө өчүрүлөт.   Шаар башкармалыгы борбор калаанын тургундарын да ошол учурда үйдөгү жарыкты… Кененирээк…

Жаңы окуу жылында өлкөдө 3 жаңы мектеп колдонууга берилет

Жаңы окуу жылында өлкөдө 3 жаңы мектеп колдонууга берилет. Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокчоров билдиргендей, алардын бири Чүй облусунун Орок айылында жайгашкан.   Андан тышкары, Бишкектеги №2 мектептин имараты жана Ош шаарындагы дагы бир билим берүү мекемесинин курулуш иштери жаңы окуу жылында… Кененирээк…

Кыргызстан айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйттү

Кыргызстан айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйттү. Айыл-чарба министри Эркин Чодуевдин айтымында, жыл башынан бери бул көрсөткүч 110 миллион долларга жетти.   Бул 2019-жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 52 пайызга көп. Министр белгилегендей, Кытайга айыл-чарба азыктарын жеткирүү көлөмү кыскарганы менен, Сирия жана Европага экспорт жакшырды.

Бүгүн орто кесиптик билим берүү окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру башталды

Бүгүн орто кесиптик билим берүү окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алуу быйыл онлайн форматта жүргүзүлүүдө.   Абитуриенттер атайын иштелип чыккан системада каттоодон өтөт. Белгилеп кетсек, Кыргызстандын колледждерине абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру 25-августка чейин… Кененирээк…