Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан блдиришкендей, эртең таңкы саат 9дан кечки 5ке чейин Жибек Жолу, Абдрахманов, Күреңкеев, Тыныстанов, Мичурин, Койбагаров, Бектенов, Кожобергенов, Осмонкул, Абдыкадыров көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Ак-Босого, Арча-Бешик конуштарында электр энергиясы жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Бишкекте жаштар арасында оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте жаштар арасында оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш ордо калаадагы оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде уюштурулат. Турнир 17-19-февраль аралыгында өтөт

Бишкекте 1-марттан тартып дагы 3 класстын окуучулары мектеп парталарына кайтып келет

Бишкекте 1-марттан тартып дагы 3 класстын окуучулары мектеп парталарына кайтып келет. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева билдирет. Анын айтымында, эгерде эпидемиологиялык абал туруктуу болсо, 2,3,4-класстын окуучулары кадимки режимде билим берүүгө кайтат. Ошондой эле бала бакчаларга даярдоо топторундагы балдар кайтат. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Бишкекте бильярддын «Айкалышкан пирамида» түрү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Бишкекте бильярддын «Айкалышкан пирамида» түрү боюнча эркектер жана аялдар арасында өлкө чемпионаты өтөт. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, турнирге көрүүчүлөр киргизилбейт. Бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталат. Кий чеберлеринин таймашы 24-26-февраль аралыгында ордо калаадагы Бильярд клубдарынын биринде өтөт.

Адамдын жүрөк оорусунун алдын алуучу азык аталды

Адамдын жүрөк оорусунун алдын алуучу азык аталды. Америкалык дарыгер-диетологдор билдиришкендей, ал кадимки эле анар. Ал күчтүү антиоксидантка ээ болгондуктан жаман холестериндин деңгээлин азайтып, кан басымды ылдыйлатат. Анар ошондой эле клетчаткага бай азык болгондуктан, тамак сиңирүүнү да жакшыртат. Дарыгерлер эскертишкендей, клетчатка анардын ширесинде эмес, мөмөсүндө гана… Кененирээк…

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын Жумгал районундагы Кара-Кече филиалына жаңы жетекчи дайындалды

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын Жумгал районундагы Кара-Кече филиалына жаңы жетекчи дайындалды. Жаңы директор Марат Орозбаев. Ал 41 жашта. Орозбаев 2018-жылдан бери «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасында бөлүм башчы кызматын ээлеп келген. Буга чейин Кара-Кеченин директору ордунда Аят Сансызбаев болчу.

Мектеп окуучулары арасында альтернативдүү олимпиаданын 2-этабы өтөт

Мектеп окуучулары арасында альтернативдүү олимпиаданын 2-этабы өтөт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, так илимдер боюнча сынак график боюнча 13-февралдан 28ине чейин уюштурулат. Белгилеп кетсек, альтернативдүү олимпиада окуучулардын математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча Эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн өлкө командасын түзүү максатында өткөрүлөт.

Кыргызстандан чет өлкөлөргө которулган акчанын көлөмү азайды

Кыргызстандан чет өлкөлөргө которулган акчанын көлөмү азайды. Улуттук банктан билдиришкендей, 2020-жылы Кыргызстандан башка мамлекеттерге которулган каражаттын көлөмү 488 миллион долларды түздү. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 12 пайызга төмөн. Анда кыргызстандыктар чет өлкөгө 554,5 миллион доллар которушкан. Каражаттын басымдуу бөлүгү Россияга жиберилген.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы үйлөрдүн биринде газ түтүгү жарылыптурак жай толугу менен урап түштү

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы үйлөрдүн биринде газ түтүгү жарылып, турак жай толугу менен урап түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жарылуу ГЭС-2 айылындагы Гагарин көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде катталды. Андан 14 жашар бала каза тапты. Дагы бир адам ооруканага жеткирилди. Абалы канааттандыраарлык. Жеринде тез жардам кызматы… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Кыргызгидрометтен билдиришкендей, бүгүн, эртең күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек — Ош, Суусамыр – Талас — Тараз, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Казарман – Актал — Чат, Арал — Миң-Куш, Ала-Бука – Жаңыбазар — Кировка жана Красная Горка… Кененирээк…