Индияда пандемия башталгандан бери адам өлүмү эң жогорку чекке жетти

Индияда пандемия башталгандан бери адам өлүмү эң жогорку чекке жетип, өткөн суткада 3689 адам каза болду. Бир күн мурун 400 миңден ашуун адам коронавирус менен катталды. Буга чейин мындай жогорку көрсөткүч бир дагы өлкөдө каттала элек болчу. Илдеттин кулач жайышына Индиянын саламаттык сактоо системасы даяр… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандарга каражат чогултуу үчүн өкмөт ачкан эсепке 4,6 миллион сомдон ашык топтолду

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандарга каражат чогултуу үчүн өкмөт ачкан эсепке 4,6 миллион сомдон ашык топтолду. Бул тууралуу Кыргызстандын Каржы министрлигинин сайтында маалымдалды. Көпчүлүгү ар кандай мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдардын бир күндүк эмгек акыларын тизмектешет. Эсеп жеке жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча ачылган. Кошумчалай… Кененирээк…

Чүй облусунун Жайыл районундагы мектептер 4-майдан тартып онлайн билим берүүгө өтөт

Чүй облусунун Жайыл районундагы мектептер 4-майдан тартып онлайн билим берүүгө өтөт. Бул тууралуу райондук штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар 20-майга чейин аралыктан окутууга өткөрүү чечими кабыл алынды. Белгилеп кетсек, буга чейин Талас, Жалал-Абад облусундагы жана Каракол шаарындагы мектептер да… Кененирээк…

Баткендин жаңжал чыккан аймагында 7-майга чейин билим берүүнү кадимки режимде калыбына келтирүү пландалууда

Баткендин жаңжал чыккан аймагында 7-майга чейин билим берүүнү кадимки режимде калыбына келтирүү пландалууда. Бул туруктуу жашаган жеринен кеткен жарандардын кайра кайтып келгенинен көз каранды болот. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, облус боюнча 39 мектеп жана 35 бала бакча убактылуу жабык. Андан тышкары… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр-чатактан жабыркаган жана каза тапкан жарандардын үй-бүлөсүнө компенсация берилет

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр-чатактан жабыркаган жана каза тапкан жарандардын үй-бүлөсүнө компенсация берилет. Бул тууралуу 24 агенттигине өкмөттөн тастыкташты. Учурда акчалай жардамдын көлөмү такталууда. Маселе чечилгенден кийин бардык маалымат коомго жарыяланат. Белгилеп кетсек, чектеш аймакта жабыркагандардын саны 183тү түзсө, каза тапкандар 36га жетти

Эртең Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт. “Түндүк электрден” билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Рыскулов, Тимирязев, Токтогул, Сагынбай манасчы, Махатма Ганди, Ала-Арча, Токтоналиев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө жана Арча-Бешик конушунда жарык жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстандык Нураида Анакулова лицензиялык дүйнө мелдешине катышат

Кыргызстандык Нураида Анакулова лицензиялык дүйнө мелдешине катышат. Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү 5-10-май аралыгында Болгариянын София шаарында өтө турган лицензиялык дүйнө мелдешине Кыргызстан атынан барат. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.  Спортчуну башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков коштоп барат. Алар Спорттун олимпиадалык… Кененирээк…

Кыргызстанда 2021-жылдын башында эң аз маяна 22 долларды түздү

Кыргызстанда 2021-жылдын башында эң аз маяна 22 долларды түздү. Бул ЕАЭБ өлкөлөрү ичинен эң төмөнкү көрсөткүч. Евразия экономикалык комиссиясынан билдиришкендей, биримдиктеги өлкөлөрдө эң аз эмгек акы 139 доллар. Кыргызстандан кийин эле аз маяна алгандар казакстандыктар. Коңшу өлкө жарандары 101 доллар табышат. Ал эми Арменияда  —… Кененирээк…

1-июндан тартып “Санарип документ” мобилдик тиркемесин ишке киргизүү пландалууда

1-июндан тартып “Санарип документ” мобилдик тиркемесин ишке киргизүү пландалууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдиргендей, тиркеме 3 документти камтыйт: ID-карта, айдоочулук күбөлүк жана транспорт каражатын каттоо күбөлүгү. Аталган документтерди үйдө унутуп же жоготуп алган учурда жарандар мобилдик тиркеме аркылуу аларды колдонууга мүмкүн болот.

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында абал туруктуу

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында милиция кызматкерлери күнү-түнү иш алып барууда, аймакта абал туруктуу. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Кулунду айыл аймагынын Кулунду, Интернационал, Максат, Бешкент, Кайрагач айылдарында жергиликтүү милиция кызматкерлери Бишкек, Чүй, Ош облустарынан келген кызматкерлер менен кайгуул күзөттөрүн… Кененирээк…