Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына кайрадан киришти

Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына кайрадан киришти. Ал кызматынан убактылуу гана четтетилгенин Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жогорку Кеңешке шайлоого үгүт иштерине Ош шаарындагы студенттердин катышканы үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-ноябрда Кожобековду кызматтан алган. Өкмөттүн басма сөз кызматы бул боюнча… Кененирээк…

Кыргызстандыктар жаңы жылдан кийин 9 күн эс алат

Кыргызстандыктар жаңы жылдан кийин 9 күн эс алат. Министрлер кабинети кабыл алган чечимге ылайык, майрамдардан кийин 1-январдан 9уна чейин дем алыш деп жарыяланды. Бул күндөрү жумасына 5 күндүк график менен иштегендер жумушка чыкпайт. Белгилеп кетсек, дем алыш күндөрүнүн узарышы 15-январь, 26-февраль жана 26-марттагы эс алуулар… Кененирээк…

Бүгүн Бишкекте мэр балатысы өтөт

Бүгүн Бишкекте мэр балатысы өтөт. Ага 1 миң бала чакырылат. Майрамга жетим балдар, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары, окуунун отличниктери, олимпиаданын жеңүүчүлөрү келет. Аларга Аяз Атанын жана Аяз кыздын катышуусу менен концерт уюштурулуп, таттуу белектер тапшырылат.

Япония Кыргызстанга 9 миллион доллар грант бөлөт

Япония Кыргызстанга 9 миллион доллар грант бөлөт. Бул тууралуу Япониянын биздин өлкөдөгү элчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, каражат «Бишкек — Ош унаа жолун кардан коргоо» долбоорунун алкагында кыш мезгилинде жол коопсуздугун камсыз кылууга жана тилкеге эскертүүчү белгилерди орнотууга багытталат. Муну менен ички жана эл аралык транспорттук… Кененирээк…

Кыргызстанда Google, Facebook жана Yandex компаниялары салык төлөшүн каалашат

Кыргызстанда Google, Facebook жана Yandex компаниялары салык төлөшүн каалашат. Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабековдун айтымында, компанияларга бул жерден өзүнүн өкүлчүлүктөрүн ачуу зарыл эмес. Болгону электрондук каттоого туруп, аралыктан отчет тапшырып жана салыктарды төлөөсө жетиштүү болот. Чиновник белгилегендей, аталган компаниялар ставкасы 12 пайызды… Кененирээк…

Бишкекте 31-декабрга чейин жаңы жылдык жарманке өтөт

Бишкекте 31-декабрга чейин жаңы жылдык жарманке өтөт. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, ордо калаанын Раззаков жана Киев көчөлөр кесилишинде 25-декабрдан 31-декабрга чейин арзандатылган товарлар сатылат. Андан калаа тургундары эт, сүт азыктарын, бал, балык, жашылча-жемиштерди ала алышат. Продукция ортомчусуз өндүрүүчүлөрдүн баасы менен сатылат.