Кыргызстанда акыркы суткада COVIDге каршы 25 миң 534 адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 25 миң 534 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, анын ичинен 14 миң 113 адам вакцинанын биринчи дозасын, 11 миң 421 адам экинчи дозасын алган. Өлкө боюнча COVID-19га каршы вакцинанын биринчи компонентин жалпы 517… Кененирээк…

Дүйнөдө бир катар мамлекеттерде өрт токтобой жатат

Дүйнө жүзүндө ысык аба ырайына байланыштуу бир канча өлкөлөрдүн токойлорундагы өрт өсүмдүктөр, жапайы жандыктарды гана эмес, адам курмандыктарына да алып келген учурлар катталууда. Калифорнияда үч жумадан бери токойду каптаган өрт 150 жылдык тарыхы бар Гринвилл шаарын жок кылды. Гринвиллде жашаган сегиз жүздөй турган чыгарылып, куткарылды.… Кененирээк…

Марипов учурда Ысык-Көл облусунда иш сапар менен жүрөт

Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургундары бул аймакка сапарга келген министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү кызматтык жолтанбадасынан түшүп, Audi автоунаасына отуруп көрүүнү сунушташты. Кадрлардан чогулган элди аралап барып Марипов автоунаанын арткы орунтугуна отурганын көрүүгө болот. Ошондой эле анын автоунааны эшигин биринчисинде жаба… Кененирээк…

Япония Кыргызстанга 2 миллион 700 миң доллар бөлүп берет

Япония Кыргызстанга 2 миллион 700 миң доллар бөлүп берет. Каражат өлкөнүн 460 мектебинде билим берүү процессин коопсуз жандандыруу максатында берилет. Долбоордун алкагында республика боюнча 200 миң окуучу жана 10 миң мугалим инфекциянын алдын алуу үчүн жабдууларга жеткиликтүү болуп, гигиеналык билимин жакшыртат. Андан тышкары, пандемия маалында… Кененирээк…

Россияда эмгек мигранттары үчүн дактилоскопия милдеттүү түрдө киргизилет

Россияда эмгек мигранттары үчүн дактилоскопия милдеттүү түрдө киргизилет. Бул тууралуу «Известия» агенттиги РФтин Ички иштер министрлигине шилтеме берип жазды. Жаңы эреже эмгек мигранттарына, ошондой эле Россиянын аймагында 90 күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүктөргө тиешелүү. Мыйзам 29-декабрда  күчүнө кирет. Андан тышкары, чет өлкөлүктөр үчүн маалыматты электрондук… Кененирээк…

Кытай былтыр беткап жана жеке коргонуу каражаттарынан 90 миллиард доллар тапты

Кытай былтыр беткап жана жеке коргонуу каражаттарынан 90 миллиард доллар тапты. Бул тууралуу Петерсон дүйнөлүк экономика институтунун отчетунда айтылат. 2019-жылы коргонуу каражаттарынан түшкөн каражат 23 миллиард доллар болсо, 2020-жылы 88 миллиардга жетти. Былтыр апрелде беткаптын бир даанасынын экспорттук баасы 2019-жылдын апрелине салыштырмалуу 720 пайызга өстү.… Кененирээк…

Бишкек жана Оштун мэрлерин шайлоо 26-августка белгиленди

Бишкек жана Оштун мэрлерин шайлоо 26-августка белгиленди. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, калаа мэри тиешелүү шаардык кеңештин депутаттары аркылуу жабык тартипте шайланат. Эске салсак, учурда Бишкек мэринин милдетинин милдетин Таалайбек Сарыбашев аткарып жатат. Ал эми Ош шаарынын муниципалитетинин башчысынын… Кененирээк…

Евразия экономикалык бирикмесиндеги өлкөлөрдө жумушсуздардын саны азаюда

Евразия экономикалык бирикмесиндеги өлкөлөрдө жумушсуздардын саны азаюда. Акыркы маалыматар боюнча, бирикмедеги 5 өлкөдө – Казакстан, Россия, Кыргызстан, Армения жана Белоруста жумушу жок жарандардын саны 1,5 миллиондон ашты. Евразия экономикалык комиссиясынын статистика департаментинин маалыматы боюнча, иши жоктордун көбү Кыргызстанга туура келет. Андан кийин Казакстан, Россия жана… Кененирээк…

Жаңы окуу жылында мектеп формасы талап кылынбайт

Жаңы окуу жылында мектеп формасы талап кылынбайт. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, буга чейин эпидемиологиялык кырдаалга жана билим берүүнүн форматына байланыштуу мектеп формасын талап кылбай туруу чечими кабыл алынган. Эгер окуучуларда буга чейин формасы болсо кийсе болот, жок… Кененирээк…

Эртең, 7-августта, Токио Олимпиадасынан байге алган балбандар Кыргызстанга кайтып келет

Эртең, 7-августта, Токио Олимпиадасынан байге алган балбандар Кыргызстанга кайтып келет. Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, саат 1де «Ала-Тоо» аянтында салтанаттуу кече уюштурулат. Иш-чара кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын коштоосунда өтөт. Белгилеп кетсек, Токио Олимпиадасынан өлкө капчыгына 2 күмүш 1 коло медаль түштү. Байгелерди грек-рим күрөшүнөн… Кененирээк…