Кыргызстандагы базарларды жана соода объектилерин текшерүү 25-майга чейин уланат

Кыргызстандагы базарларды жана соода объектилерин текшерүү 25-майга чейин уланат. Оорулардын алдын алуу департаментинен билдиршкендей, бүгүнкү кундө республика боюнча товарларды туура эмес сактагандыгы үчүн дээрлик 500 миң сом өлчөмүндө 100дөн ашык айып салынды. Белгиленгендей, рейддер дагы деле уланууда. Эске салсак, соода объектилерин текшерүү Бишкек жана Ош… Кененирээк…

Экспорттоочулар ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар алып кирүүдө эсеп-фактураны ала жүрүшү керек

Кыргызстандык экспорттоочулар Казакстан жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар алып кирүүдө QR код менен электрондук эсеп-фактураны ала жүрүшү керек. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, бул унааларга казак бийлиги тарабынан текшерүү иш-чараларын жүргүзбөстөн каттамда жүрүүгө мүмкүндүк берет. Эсеп-фактура жок болгон учурда транспорт айып жайга жөнөтүлөт жана бардык зарыл… Кененирээк…

Кыргызстандын 20 шаарында бюджеттин эсебинен заманбап ооруканалар курулат

Кыргызстандын 20 шаарында бюджеттин эсебинен заманбап ооруканалар курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, бардык медициналык мекемелер эң жогорку талаптарга жооп берет. Белгиленгендей, азыр бийлик долбоорду ишке ашырууга техникалык жардам бере турган эл аралык адистерди издеп жатат.

Индияда ата-энелер уулу менен келинин сотко беришти

Индияда ата-энелер уулу менен келинин сотко беришти. Кептин баары жаштардын баш кошконуна алты жыл болуп, азыркыга чейин неберелүү боло электигинде. Доо арызында ата-эне баласы үйлөнсүн деп чогулткан акыркы акчасын жумшаганын жазышкан. Бирок алар балалуу болууну ойлонуша элек. Мындан улам, ата-эне жубайлардан моралдык компенсация катары 65… Кененирээк…

Бүгүн ажылыкка катталуунун акыркы күнү

Бүгүн ажылыкка катталуунун акыркы күнү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти. Маалыматка ылайык, жарандар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда банкка төлөнгөн 4 миң 500 доллар жана кайтарымсыз 700 сомдон төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынат. Учурда каттоо иши Кыргызстандын бардык аймактарында жүрүп,… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн жээгиндеги тосмолор 1-июлдан тарта алынат

Ысык-Көлдүн жээгиндеги тосмолор 1-июлдан тарта алынат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, аймактагы калктуу конуштардын тургундары үчүн пляж аймактарына кирүүсүнө кандайдыр бир чектөөлөр коюлбайт. Мындан улам, көлдү курчаган дубалдар, темир торлор, металл зымторлор демонтаждалып, мындан ары орнотууга тыюу салынат. Ошондой эле, менчик… Кененирээк…

Сузактагы селдин кесепетинен 25 үй авариялык абалга келди

Сузактагы селдин кесепетинен 25 үй авариялык абалга келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Барпы айыл аймагында 13, Атабеков айылында 10, Сузак айыл аймагында эки үй жарабай калды. Эске салсак, 5-майда Сузак районунун 10го чукул айылында сел жүрүп, 650 үйдүн короо жайын суу… Кененирээк…

Каракол шаарын өнүктүрүү программасындагы долбоорлор быйыл ишке аша баштайт

Каракол шаарын өнүктүрүү программасындагы долбоорлор быйыл ишке аша баштайт. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, төрага Акылбек Жапаров аталган шаарды өнүктүрүү программасынын иш-чаралары менен таанышты. Анда жалпы суммасы 885 миллион сомдук 10 долбоор көрсөтүлдү. Долбоорго ылайык, бюджетке киреше алып келүүчү — муниципалдык базар, таштандыларды кайра… Кененирээк…

Токтогулда дыйкандардын ондогон гектар жерин күздүк курт каптап кетти

Токтогулда дыйкандардын ондогон гектар жерин күздүк курт каптап кетти. Жалал-Абад облусунун Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин боюнча башкармалыгынын башчысы Кайрат Садыков «Азаттыкка» билдиргендей, бул курт райондо жалпысынан 80 гектар жерди каптады. Курт кайракы жерге эгилген эспарцетти жеп, талааларды такырга айлантууда. Учурда келтирилген чыгым такталып, айдоо… Кененирээк…

Чолпон-Атада эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке өтүүдө

Чолпон-Атада эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке өтүүдө. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, иш-чаранын катышуучулары туристтик компаниялардын, пансионаттардын, конок үйлөрдүн жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныша алышат. Ошондой эле этно оюндарга, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстарына катышып, кечки маданий программаны көрө алышат. «Рух Ордо»… Кененирээк…