Жалал-Абад шаарынын Шопоков көчөсүн кеңейтүү иштери башталды

Жалал-Абад шаарынын Шопоков көчөсүн кеңейтүү иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, көчөнү кеңейтүү иштеринин алкагында жол четиндеги бак-дарактар кыйылууда. Аталган көчө жергиликтүү бюджеттин эсебинен толугу менен реконструкцияланып, эки четине тротуар, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иши жүрөт.  

Бишкектин Биринчи май жана Ленин райондук милициясы жаңы ууналар менен камсыз болду

Бишкектин Биринчи май жана Ленин райондук милициясы жаңы ууналар менен камсыз болду. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, транспорт ички мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен алынды. Мекемеден белгилешкендей, милиция кызматтарынын материалдык базасын чыңдоо боюнча иштер уланат.

Калкты жана турак-жай фондун каттоо боюнча контролдук кыдыруу узартылды

Калкты жана турак-жай фондун каттоо боюнча контролдук кыдыруу узартылды. Министрлер кабинетинен билдиршкендей, өнөктүк 23-апрелден 2-майга чейин уланат. Тагыраагы, ошол күндөрү алыскы аймактарда калкты жана турак жай фондун каттоо өткөрүлөт. Муну менен бирге биринчи этапта кандайдыр бир себептер менен эл каттоодон өтпөй калгандар үчүн контролдук каттоо… Кененирээк…

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы август айында толук ишке кирет

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы август айында толук ишке кирет. Бизге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын алкагында өлкө боюнча жалпысынан 300дөн ашык камера орнотулат. Маалыматка ылайык, аппараттар азыркы тапта тесттик режимде иштеп жатат. Мындан тышкары, “Коопсуз шаар” долбоорунун үчүнчү этабын ишке ашыруу… Кененирээк…

Бишкекке Москва жана Екатеринбург шаарларынан кошумча каттамдар аткарылат

Бишкекке Москва жана Екатеринбург шаарларынан кошумча каттамдар аткарылат. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, “Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург” багыты боюнча каттам жумасына 2 жолу, шаршемби жана ишемби күндөрү болот. Ал эми “Москва-Бишкек-Москва” багыты боюнча каттам жумасына 3 жолу, дүйшөмбү, шаршемби жана бейшемби күндөрү аткарылат.

Кыргызстан АКШ жана шенген визасы бар туристтер үчүн визасыз режим ачышы мүмкүн

Кыргызстан АКШ жана шенген визасы бар туристтер үчүн визасыз режим ачышы мүмкүн. Тиешелүү тапшырма Тышкы иштер министрлигине берилгенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Ошондой эле, туризм тармагын стимулдаштыруу үчүн материалдарды, техникаларды, жабдууларды ташып кирүүдө бажы алымдарынан жана салыктарынан бошотуу мүмкүнчулүгү каралмай болду.

Өлкөдө 4 миңден ашуун дыйкан жылдык 6 пайыз менен жеңилдетилген насыя алышты

Өлкөдө 4 миңден ашуун дыйкан жылдык 6 пайыз менен жеңилдетилген насыя алышты. Каржы министрлигине караштуу каржы-кредиттик фонддун маалыматына караганда, долбоордун алкагында коммерциялык пайыздык чендерди субсидиялоо үчүн бюджетте 520 миллион сом каралган. Ага 7 коммерциялык банк катышууда. Бүгүнкү күндө алар 2 миллиард сомду 4 миң дээрлик… Кененирээк…

УКМК жасалма дипломдорду аныктоонун алкагында Жогорку Кеңештин эки депутаты боюнча БШКга маалымат жөнөттү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жасалма дипломдорду аныктоонун алкагында Жогорку Кеңештин эки депутаты боюнча БШКга маалымат жөнөттү. Анын алкагында, Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамга ылайык тиешелүү чечим кабыл алат. Тагыраагы, эки депутаттын мандатынан ажырашы күтүлүүдө.

Кыргызстандын энергетика тармагынын кызматкерлеринин маянасы 25 пайызга көтөрүлөт

Кыргызстандын энергетика тармагынын кызматкерлеринин маянасы 25 пайызга көтөрүлөт. Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, айлык энергокомпаниялардын биригишинен улам жогорулайт. Ошол эле учурда кызматкерлерди кыскартуу күтүлбөйт. Эске салсак, Кыргызстанда энергетикалык компаниялар эки чоң ишканага бириктирилет. Мындай реформа менен 1 миллиард сом үнөмдөлөт, — деп айтылат маалыматта.

Сузак районундагы Барпы айылында 500 орунду жаңы мектептин курулушу башталды

Сузак районундагы Барпы айылында 500 орунду жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу бизге аталган райондун акими Баратбек Сыдыкназаров билдирди. Маалыматка ылайык, билим берүү мекемесин эл аралык уюм каржылоодо. Белгилеп кетсек, аймактагы буга чейинки 200 орундуу мекетепке окуучулар батпай калган.