Санкт-Петербург шаарынан 156 адам чартердик каттам менен учуп келди
Санкт-Петербург шаарынан 156 адам чартердик каттам менен учуп келди. Бул тууралуу республикалык штаб билдирет. Алардын баары учуу тилкесинен эле текшерүүдөн өткөрүлүп, COVID-19 вирусуна ПЦР анализ тапшырышты. Андан кийин обсервацияга жиберилди. Белгилеп кетсек, пандемия жайылгандан бери өлкөгө 8 миңге жакын мекендеш жеткирилди.