Бишкекте дагы бир эс алуу аймагы пайда болот
Бишкекте дагы бир эс алуу аймагы пайда болот. Аянт Дэн Сяопин проспектиси менен Садыгалиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашат, — деп билдиришти муниципалитеттен. Коомдук жайды уюштуруу тапшырмасы «Бишкек башкы архитектура», «Бишкек жашыл чарба», «Бишкек асфальтсервис» жана «Тазалык» ишканаларына берилди.