Криштиану Роналду футбол боюнча Италия биринчилигинин мыкты оюнчусу аталды

Криштиану Роналду футбол боюнча Италия биринчилигинин мыкты оюнчусу аталды. Милан шаарында Италиянын футбол ассоциациясынын версиясы боюнча «Gran Galà del Calcio» сыйлыгы мыктыларга тапшырылды. Анда номинация боюнча  мыкты машыктыруучу, Джан Пьеро Гасперини аталса, ал жетектеген клуб «Атланта» мыкты команда аталды

Бүгүн Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Түркиялыктар менен экинчи жолдоштук беттешин өткөрөт

Бүгүн Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Түркиялыктар менен экинчи жолдоштук беттешин өткөрөт. Бул тууралуу Футзал ассоциациясынан билдиришти. Жолугушуу Бишкектеги дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде кечки саат 8де башталат. Эске салсак, кечээ Кыргызстандын курамасы Түркиянын командасын 5:3 эсебинде уткан. Оюн Азия-2020 оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында… Кененирээк…

Быйылкы жылы республикалык бюджеттин эсебинен 242 долбоор каржыланды

Быйылкы жылы республикалык бюджеттин эсебинен 242 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого республикалык бюджеттен «дем берүүчү гранттар» беренеси боюнча долбоорлорду каржылоого 398 миллион сом бөлүнгөн. Анын ичинен 121 долбоор толук түрдө ишке ашты.

Ички иштер министрлиги академиясы бош орундарга кызматкерлерди кабыл алууда

  Ички иштер министрлиги академиясы бош орундарга кызматкерлерди кабыл алууда. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди 4-январга чейин ИИМ академиясынын кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек. Суроолор боюнча 0 (312) 63 14 39 номуруна кайрылса болот.

Кыргызстанда окуучулардын кышкы эс алуусу 12 күнгө созулат

Кыргызстанда окуучулардын кышкы эс алуусу 12 күнгө созулат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кышкы каникул 30-декабрдан 10-январга чейин созулат. Белгилеп кетсек, 11-12-январь эс алуу күндөрү болгондуктан, окуучулар 13-январда мектепке кайтышат.

Бишкекте аба-ырайынын кескин түрдө төмөндөшү күтүлүүдө

Бишкекте аба-ырайынын кескин түрдө төмөндөшү күтүлүүдө. Синоптиктердин билдирүүсүнө ылайык, бүгүн жана эртен күндүзү 16 градуска чейин жылуу болуп, тункүсүн 0дөн 5ке чейин көтөрүлөт. Ал эми жума күнү асманды булут каптап, түнкүсүн карга өткөн жаан жаайт. Аба табы 5 градустан жогорулабайт.

Бишкекте жер пайдалануу маселеси боюнча кайсы жакка кайрылуу керек?

Бишкекте жер пайдалануу маселеси боюнча кайсы жакка кайрылуу керек? Бул суроого мэриядан жооп беришти. Ага караганда, шаар тургундары жер тилкелерин пайдалануу жана курулуш маселелери боюнча тармактык башкармалыктын адистерине кайрыла алат. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы Тунгуч кичирайонундагы №57 үйдө жайгашкан. Алдын ала жазылуу үчүн (0312)… Кененирээк…

Төө-Ашууда 2 камера иштеп баштады

Төө-Ашууда 2 камера иштеп баштады. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Көлбаев атындагы туннелдин кире беришинде жана анын чыгышында бирден орнотулган 2 даана камера иштеп баштады. Учурда видео elcat.kg/translation/ сайты аркылуу онлайн көрсөтүлүп жатат. Аталган тилкеге кошумча жабдууларды алуу жана орнотуу үчүн тендер жарыяланды.

Шаар тургундарына 4 миллиондон ашык айып салынды

Шаар тургундарына 4 миллиондон ашык айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Муниципалитеттен түшүндүрүшкөндөй, алар өз ээлигиндеги жерди тазалабай, желим жана таштандыларды өрттөшкөн. Санитардык-экологиялык инспекция тарабынан 15-майдан 30-ноябрга чейин бузуулар тууралуу кодекстин беренелери боюнча 453 протокол түзүлдү.

Кыргызстанда 768 унаада жасалма номур колдонуу фактысы катталды

Кыргызстанда 768 унаада жасалма номур колдонуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, айдоочулар кылмышты жашыруу үчүн же «Коопсуз шаардын» айып пулунан качуу үчүн унааларына жасалма номур тагып алышат. Мындай учурларда 30 миң сомго чейин айып салынат. 768… Кененирээк…