Быйыл Бишкекке 7 мектеп куруу пландалууда

Быйыл Бишкекке 7 мектеп куруу пландалууда. Бул тууралуу капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Болотбек Апилов билдирди. Анын айтымында, билим берүү мекемелери Алтын-Ордо, Мура-Ордо, Ак-Босого, Рухий-Мурас, Көлмө, Ак-Бата жана Ак-Өргө конуштарында пайда болот. Курулуш иштеринин аякташы менен ордо калаада 3 миңден ашык окуучу жаңы мектептерде билим алууга… Кененирээк…

Кыргызстанда алгачкы ирет лифт жабдууларын чыгарган завод ишке кирет

Кыргызстанда алгачкы ирет лифт жабдууларын чыгарган завод ишке кирет. Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинен билдиришкендей, анда жылына 3 миңден ашык жабдуу чыгарылат. Ишканада ошондой эле темир эшик, автоматташтырылган токтоочу система жана башка тетиктер өндүрүлөт. Жабдууларды Борбор Азияга чыгаруу пландалууда. Ишкананын ачылышы менен 200 жаңы жумуш орду… Кененирээк…

Бишкекке Белорусиядан алынып келинген автобустар кайсы линия менен жүрөрү айтылды

Бишкекке Белорусиядан алынып келинген автобустар кайсы линия менен жүрөрү айтылды. Мэриянын маалыматына ылайык, коомдук транспорт №7, №38 жана №42 автобус каттамдарында жүргүнчүлөрдү ташыйт. Автобустар тесттик режимде 3 ай иштейт. Эске салсак, буга чейин Минскиде чыгарылган транспорт мэрияда презентацияланган.

 Бишкектеги Asia Mall соода борборунда жардыруучу зат коюлду деген жаран аныкталды

Бишкектеги Asia Mall соода борборунда жардыруучу зат коюлду деген жаран аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жооптуу иш-чаралардын планына ылайык, теракт коркунучу тууралуу билдирүү келип түшкөндөн кийин УКМК кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ИИМдин кызматкерлери жана соода борбордун өздүк коопсуздук кызматы… Кененирээк…

Жазда өтө турган калкты жана турак жай фондун каттоого кызматкерлер ишке кабыл алынат

Жазда өтө турган калкты жана турак жай фондун каттоого кызматкерлер ишке кабыл алынат. Талаптар боюнча убактылуу кызматка кабыл алынган оператор 18 жаштан жогорку Кыргызстан жараны, мүмкүн болсо буга чейин ушул жаатта тажрыйбасы бар,  Android 5 же андан жогорку системадагы уюлдук аппаратын ээси болушу керек. Арыздар… Кененирээк…

244 адам Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылса, 2253 жаран кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Анын ичинен Кыргыз Республикасынын президентинин 5 Жарлыгы 2253 адамды (1724ү чоңдор жана 529у балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө, алардын… Кененирээк…

Түркияга 54 жылдан бери алгачкы ирет калың кар жаады

Түркияга 54 жылдан бери алгачкы ирет калың кар жаады. Көрүнүш Газиантеп провинциясында катталды. Учурда аталган аймакта калыңдыгы жарым метрден 1 метрге чейин жеткен кар жатат. Кар массасы кичи жана ири жолдорду тосуп калды. Андан улам, айдоочулар 1 суткадан бери жолдун ачылышын күтүп турат. Түркия бийлиги… Кененирээк…

Кыргызстанда мындан ары аймактардын аталышын адам ысымына өзгөтсө болот

Кыргызстанда мындан ары аймактардын аталышын адам ысымына өзгөтсө болот. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документ аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымы бар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илимдин, маданияттын кызматкерлерин жана тарыхый ишмерлердин ысымдарын айылдарга, өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарууга жол берет

Кыргызстан 1 миллиард сомго жазгы себүү иштерине үрөн сатып алуу ниетинде

Кыргызстан 1 миллиард сомго жазгы себүү иштерине үрөн сатып алуу ниетинде. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов билдиргендей, учурда сатып алуулар боюнча Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок үрөн дыйкандарга кандай шарт менен берилери айтылган жок. Андан тышкары, минералдык жер семирткичтерди сатып… Кененирээк…

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эл аралык саякаттоолор үчүн чектөөлөрдү жеңилдетүүгө же жокко чыгарууга чакырат

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эл аралык саякаттоолор үчүн чектөөлөрдү жеңилдетүүгө же жокко чыгарууга чакырат. Уюмдан белгилешкендей, ар кандай чараларды колдонуу эч кандай пайда алып келбейт. Буга «Омикрон» штаммы айрым өлкөлөрдүн кирүүгө чектөө киргизүү чечимине карабастан жайылгандыгы далил. Уюмдун сунуштамасында бийлик туристтерди covidге карата тесттен өткөрүп,… Кененирээк…