Мунапыс берчү мыйзам күчүнө кирди

Мунапыс берчү мыйзам күчүнө кирди. Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата мунапыс жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Ага ылайык, эркинен ажыратылгандар 7 тизме боюнча бошотулат. Ошону менен бирге мыйзамда мунапыс колдонулбай турган кылмыштардын тизмеси да бекитилди. Мыйзам расмий жарыяланган… Кененирээк…

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Бишкекте салют атылат

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Бишкекте салют атылат. Мэриянын маалыматында, Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен эртең кечки саат 10до «Жеңиш» аянтында фейерверк аттырууну уюштурат. Муниципалитеттен белгилешкендей, майрамга деп бөлүнгөн 2,5 миллион сом калаанын башка керектөөлөрүнө жумшалат. Карантиндик чектөөлөрдөн улам массалык түрдө… Кененирээк…

Жалдагы балдар ооруканасы иштеп жатат

Жалдагы балдар ооруканасы иштеп жатат. Бирок оор абалдагы бейтаптар гана кабыл алынууда. Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын айтымында, медицина мекемесине киргендердин дене табы өлчөнүп, анкета толтурулуп жатат. Коронавируска шектүүлөр дароо өзүнчө палатага изоляцияга алынат. Бейтаптар менен иштешкен медицина кызматкерлери убагы менен КОВИД-19га анализ тапшырууда. Буга чейин вирус… Кененирээк…

Такси кызматына патенттин наркы өзгөргөн жок

Такси кызматына патенттин наркы өзгөргөн жок. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, учурда Бишкекте такси кызматы үчүн патенттин баасы — 500 сом, камсыздандыруу полиси — 775 сом турат. Кошумчаласак, 1-майдан тартып патенттин ставкасы жогорулады деген жалган маалымат тарап жатат. Мындан улам жарандар салык кызматына соцтармак аркылуу кайрылышууда.

Жалал-Абад облусунда сел жана мөндүрдүн чыгымы 6 миллион сомдон ашты

Жалал-Абад облусунда сел жана мөндүрдүн чыгымы 6 миллион сомдон ашты. Жергиликтүү администрациянын маалыматына ылайык, аталган сумма Ала-Бука, Аксы, Ноокен жана Базар-Коргон райондорундагы кырсыктын кесепетинин чыгашасы. Ал эми Сузак районунда табият кырсыгы олуттуу зыян алып келген жок. Жаратылыш кырсыгынан эгин талаалары, мөмөлүү бак-дарактар, турак жайлар зыянга… Кененирээк…

Талас облусунда коронавирусту аныктоочу лаборатория иштеп баштайт

Талас облусунда коронавирусту аныктоочу лаборатория иштеп баштайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Буга чейин лабораториялык изилдөө Бишкекте жүргүзүлчү. Мындан ары жеринде ыкчам иштөөгө шарт түзүлөт. Эми Казакстан чек арасы аркылуу өткөн жарандар “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү түйүнүндө текшерилет. Белгилеп кетсек, Талас облусунда COVID-19 каттала элек.

Бишкектеги медицина кызматкерлеринин баары коронавируска текшерилет

Бишкектеги медицина кызматкерлеринин баары коронавируска текшерилет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, атайын түзүлгөн график боюнча анализ алынып жатат. Ошондой эле, милиция кызматкерлери да текшерүүдөн өтүүдө. Республикада коронавирус 9 лабораторияда, аныкталат. Анда суткасына 2 миңдей анализ алынат.

Кыргызстанда акыркы суткада 13 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда акыркы суткада 13 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 6, Ош шаарында 6, Нарында 1 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 650 болду.

Синоптиктер бүгүн Бишкекте катуу шамал болорун эскертишүүдө

Синоптиктер бүгүн Бишкекте катуу шамал болорун эскертишүүдө. Туруксуз-аба ырайы кечинде күтүлөт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетиши ыктымал.   Андыктан, шаар тургундарына бактардын жана жеңил конструкциялардын алдынан өтпөө сунушталат. Ал эми айдоочулар унааларын ачык аянттарга гана токтотсо туура болот. Күндүз температура… Кененирээк…

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жалпы республикалык тестирлөө 20-июндан 25-июнга чейин  өтөт

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жалпы республикалык тестирлөө 20-июндан 25-июнга чейин  өтөт. Мэриянын маалыматына ылайык, тест санитардык талаптарды кармануу менен бирок кадимки режимде өтөт.   Белгилеп кетсем, быйыл ордо калаада 11-классты 6,5 миң окуучу аяктап жатса, 13 миңден ашыгы 9-классты бүтүрүүдө.