Бишкектин Биринчи май районунда батуттарга тыюу салынат

Биринчи май районунда 20-июндан баштап батуттарга тыюу салынат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматта сейил бактардагы балдар ойноочу батуттар биринчи кезекте бөбөктөрдүн жана алардын ата-энелеринин коопсуздугуна чоң коркунуч туудурары айтылат. «Батуттарды жабык же адистештирилген жайларда, ири соода борборлорунда жана оюн-зоок парктарында… Кененирээк…

Өзбекстан өлкөгө келгендер үчүн ковидге каршы чектөөлөрдү алып салды

Өзбекстан өлкөгө келгендер үчүн ковидге каршы чектөөлөрдү алып салды. Чек ара мындан ары ПЦР тестин же эмдөө сертификатын талап кылбайт. Чечим 10-июндан тарта күчүнө кирет. Белгилеп кетсек, буга чейин ушундай эле чечимди Казакстан кабыл алган. Ал жакта чектөө эртең, 8-июндан тарта жокко чыгарылат.

Каракол – Эңилчек жолунун таш кулап, жабылып калган тилкесинде айланма жол салынды

Каракол – Эңилчек жолунун таш кулап, жабылып калган тилкесинде айланма жол салынып, унаалар бир тараптуу өткөрүлө баштады. Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийлигинен такташкандай, ташты алып салууга Транспорт министрлигинин №11 Жол тейлөө мекемесинин техникасы тартылып, бирок алы келбей койгон. Мындан улам, айланып өтүүчү жол салынып, машиналар бир… Кененирээк…

Оор жүк ташуучу унааларды жалпы пайдалануудагы жолдордо башкарууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда оор жүк ташуучу унааларды жалпы пайдалануудагы жолдордо башкарууга убактылуу тыюу салынды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, чектөө 18 тоннадан ашык салмактагы унааларга тиешелүү. Тыюу жайдын аягына чейин саат 10дон кечки 8ге чейин, абанын табы күндүз +28 градус жана андан жогору болсо күчүндө болот. Мындай… Кененирээк…

Авариялык абалдагы мектептердин баары үч жылдын ичинде оңдолот

Авариялык абалдагы мектептердин баары үч жылдын ичинде оңдолот. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, өлкө аймагында авариялык абалда 253 мектеп бар. “Үч жыл аралыгында бардык соцмекемелерди калыбына келтирип, интернет киргизип, алар акысыз боло турганына убада беребиз”, — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуу мурдагыдай эле үч этап менен жүргүзүлөт

Абитуриенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алуу мурдагыдай эле үч этап менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти. Биринчи тур болжолдуу түрдө 18-июлда башталат. Экинчи жана үчүнчүнүн датасы азырынча тактала элек. ЖОЖдорго арыздар “Абитуриент онлайн” порталы аркылуу берилиши керек. Бүтүрүүчүлөр бул сайтка катталып, ЖРТнын… Кененирээк…

Таласта УКМКнын райондук бөлүмүнүн имараты курулду

Талас облусунун Манас районунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин райондук бөлүмүнүн имараты курулду. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы курулган мекеме кызматкерлерге керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган жана иштөө шарттары талапка жооп берет. Мындан тышкары, Талас шаарында УКМКнын жаңы имаратынын курулушуна капсула… Кененирээк…

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна бюджеттен дээрлик 19 млн доллар бөлүндү

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна бюджеттен дээрлик 19 миллион доллар бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Биринчи этап 3,5-5 жылды талап кылат. Беш жылдан кийин 640 мегаватт кубаттулугунда ГЭСтин курулушу башталат, — деди өкмөт башчы. Белгилеп кетсек, аталган гидроэлектростанциянын курулушуна эртең старт берилет. Камбар-Ата-1… Кененирээк…

Нью-Йоркто Джанни Версаченин үйү сатыкка коюлду

Нью-Йоркто Джанни Версаченин үйү сатыкка коюлду. Турак жай сатып алуучуга «падышадай жашоо» жана «кыймылсыз мүлккө жана мода тарыхына ээ болуу» мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Алты кабат особняк кымбат баалуу буюм-тайымдар менен кооздолгон 17 уктоочу бөлмөдөн турат. Үйдүн баасы 70 миллион долларды түзөт.

Кыргызстанда ар бир төртүнчү үй-бүлөдө кеминде бир эмгек мигранты бар

Кыргызстанда ар бир төртүнчү үй-бүлөдө кеминде бир эмгек мигранты бар. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдиргендей, алардын негизги курагы — 18 жаштан 45 жашка чейин. Маалыматка ылайык, акыркы жылдарда тышкы миграциядагы аялдардын саны өсүүдө. Улуттук статистика комитетинен белгилүү болгондой, 2018-жылы алардын саны… Кененирээк…