Эртең 50гө жакын ыктыярчы дарыгерлер Москвадан Бишкекке келишет

Эртең, 12-июлда 50гө жакын ыктыярчы дарыгерлер Москва шаарынан Бишкекке келишет. Бүгүн элчи Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинде дарыгерлер менен жолугушту. Маалыматка ылайык, бир ай дарыгерлерди жатакана жана тамак-аш менен демөөрчүлөр камсыз кылышат.

Баткен облусунда быйыл былтыркыдан көбүрөөк эгин жыйналат

Баткен облусунда быйыл былтыркыдан көбүрөөк эгин жыйналат. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда 5 миң гектардан ашык аянттагы буудай жана арпа жыйналды. Ал эми ушул жылы жалпысынан 26 миң гектарга жакын аянтта оруп-жыйноо жумуштарын аткаруу пландалды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 миң гектарга көп. Түшүм гектарынан… Кененирээк…

«Электр станциялар» ишканасы Камбар-Ата-2 ГЭСинде курулуш иштерин жүргүзүүгө тендер жарыялады

«Электр станциялар» ишканасы Камбар-Ата-2 ГЭСинде курулуш иштерин жүргүзүүгө тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыялангандай, сарпталуучу сумма 82 миллион сом. Жеңүүчү компания каражатка электр жарыгын, байланышты жана жылыткычтарды орнотуп, суу түтүктөрүн жана имараттардын ичи-тышын жасайт. Андан сырткары, оор техниканын жардамы менен жээктерди, плотинанын айланасын бекемдемекчи

Бишкекте эки көлмө убактылуу жабылды

Бишкекте эки көлмө убактылуу жабылды. Мэриянын маалыматына караганда, Пионер жана Комсомол көлмөлөрүнө түшүүгө уруксат берилбейт. Свердлов райондук акимчилиги алардын тегерегине тыюу салган белгилерди орнотуп, кулактандырууларды илип койду. Аталган жайларда сууга түшүүгө киргизилген чектөөлөр эпидемиологиялык абал турукташканга чейин күчүндө болот.

Парламенттик шайлоону уюштурууга пландалган акчанын суммасы абалга жараша өзгөртүлөт

Парламенттик шайлоону уюштурууга пландалган акчанын суммасы абалга жараша өзгөртүлөт. Боршайкомдун маалыматына караганда, быйылкы шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен 732 миллион сом каралган. Бирок бюджеттик план 95 миллион сомго кыскартылды. Өлкөдө жана чет мамлекеттерде 2 миң 400 шайлоо участогу ачылат. Аларда 32 миң адам иштейт. Каражат транспорттук… Кененирээк…

Кыргызстан коронавирустун анализин 30 мүнөттүн ичинде чыгарып берген инновациялык тесттерди алды

Кыргызстан коронавирустун анализин 30 мүнөттүн ичинде чыгарып берген инновациялык тесттерди алды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Анын айтымында, бул тесттер чет өлкөлүк фонд тарабынан берилди. Алар жыйынтыкты 99 пайыз таасын көрсөтөт. Белгилеп кетсек, ушул эле фонд өткөн айда бизге 6,5… Кененирээк…