Ошто аярлуу катмардагы 350 үй-бүлөгө бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилет

Ош облусунда аз камсыз болгон 350 үй-бүлөнүн чакан бизнес долбоорлорун колдоого 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгү билдирди. Облус жетекчилиги калктын аярлуу катмарын иш менен камсыз кылуу, турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу багытында өкмөттүн токтомун аткаруу боюнча жыйын өткөргөн. «Жыйында чакан бизнес долбоорлорду… Кененирээк…

Ошто мектеп директорлорун тандоо боюнча тестирлөө өтүүдө

Бүгүн, 13-августта Ош облусунда мектеп директорлугуна талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөө өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, облус аймагында 244 мектептин директору кайрадан тандалат. Министрлик тестирлөө ачык-айкын өтүп, анын жүрүшүнө жарандык көз карандысыз коомдук уюмдардын өкүлдөрү көз саларын билдирүүдө.   Буга… Кененирээк…

Германия кыргыз ишкерлерин окутат

11-августта Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Экономика жана климатты коргоо министрлигинин департаментинин директору Доминик Шнихельс мырза менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.   Жолугушуу учурунда элчи Текебаев Кыргызстандагы логистика жана энергетика жааттарындагы ири инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымдап, ал долбоорлорду ишке ашырууда герман тарапты катышууга чакырды.   Доминик… Кененирээк…

Ислам тилектештиги: Тынар Шаршенбеков күмүш медалга ээ болду

Түркиянын Конья шаарында Ислам тилектештиги оюндарында балбан Тынар Шаршенбеков күмүш медалга ээ болду.   Маалыматка ылайык, грек-рим күрөшү боюнча 63 килограмм салмак ченинде кыргыз балбаны ирандык балбан мене кез келип утулуп калды. Белгилей өтсөк, Ислам тилектештиги оюндарында Кыргызстандын капчыгында 2 алтын медаль бар.

Эмгек министрлиги 100 баланы Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн эс алуу уюштурду. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.   Маалыматта айтылгандай, «Улан» балдардын ден соолукту чыңдоо борборунда жалпы 100 бала 10 күн эс алышат. Чыңдоо борборго жеткенче балдарды… Кененирээк…

Бишкек мэриясы 30 атайын техника сатып алат

Бишкек мэриясы 30 атайын техника сатып алат. Муниципалитет менен кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду коммуналдык кызматтар үчүн атайын техника жеткирүү боюнча меморандумга кол коюшту.   Жалпысынан 30дай атайын техника алуу пландалууда.   Анын ичинде таштанды чыгарган машиналар да бар.

Ош облусунун Кара-Суу районунда индустриалдык-логистикалык борбор курулат

Ош облусунун Кара-Суу районунда индустриалдык-логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.   Нариман айыл аймагындагы 8 гектар жер тилкеси «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына трансформацияланган.   Эми анда 100 адамды жумуш орду… Кененирээк…

Айпери Медет кызы Ислам шериктештиги оюндарында алтын медалга ээ болду

Айпери Медет кызы Ислам шериктештиги оюндарында алтын медалга ээ болду.   Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан мелдештерде ал 76 килограмм салмак категориясында килемге чыгып, африкалык атаандашын 10:0 эсебинде утуп алды.   Белгилеп кетсек, Ислам тилектештиги оюндарында Кыргызстандын капчыгында 3 алтын медаль бар. Аларды Айсулуу Тыныбекова… Кененирээк…