Бишкекте ушул дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт

Бишкекте ушул дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт. Айыл-чарба  министрлигинин маалыматына караганда, арзандатылган товарларды ишемби жана жекшемби күндөрү эртең мененки саат 9дан кечки 4кө чейин ордо калаанын Раззаков көчөсүнүн Киевден Токтогулга чейинки бөлүгүнөн сатып алса болот. Базар баасынан төмөн жарманке жыл аягына чейин ар дем… Кененирээк…

2022-жылы Будапештке түз абакаттам ачуу пландалууда

2022-жылы Будапештке түз абакаттам ачуу пландалууда. Буга чейин Венгриянын авиакомпаниясы менен келишим түзүлгөн, — деп билдирди «Манас» аба майданынын башкы директору Бакыт Шаршеев. Ал белгилегендей, бекитилген документ боюнча бул биринчи европалык авиакомпания. Алдыда кыргызстандык туунду компанияга жүргүнчүлөрдү абада ташууну күтүү менен учактарды сатып алуу пландалууда.… Кененирээк…

Милициянын кайгуул кызматынын укугу кеңейтилди

Милициянын кайгуул кызматынын укугу кеңейтилди. Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык, мындан ары аталган түзүмдүн кызматкерлери “жезл” менен унааларды токтото алат. Милициянын кайгуул кызматкерлери унааларды токтотууда таякча менен жаңсоолорду колдонуу менен бирге атайын жарык берүүчү, үн сигналдары, ошондой эле кызматтык унааларга орнотулган үн коштоочу каражаттарды колдоно… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда күнүнө 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү өндүрүш ачылат

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда күнүнө 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү өндүрүш ачылат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Буга чейин инвестор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ишкана райондогу эски сүт заводун имаратында жайгашат жана ал баардык жабдуулар менен камсыздалды. Имаратты оңдоп-түзөө иштери аяктаса, жумуштар старт алат. Ошондой… Кененирээк…

Кыргызстан боюнча көмүрдүн чекене баасы төмөндөдү

Кыргызстан боюнча көмүрдүн чекене баасы төмөндөдү. 10-декабрда ноябрдагы бааларга салыштырмалуу кара отундун тоннасы орточо эсеп менен 6 пайызга арзандады. Муну менен бир тонна 5 миң 342 сомдон сатылууда, — дешти Улуттук статистика комитетинен. Учурда көмүргө болгон эң жогорку баа Ноокатта —  тоннасы 7 миң 990… Кененирээк…

Коронавируска каршы вакцина алганын тастыктаган жасалма сертификат берген бир катар дарыгер иштен алынды

Коронавируска каршы вакцина алганын тастыктаган жасалма сертификат берген бир катар дарыгер иштен алынды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Бишкектеги №2, №8, №10, №11, №19, 20 медицина борборлорунун жетекчилери жана бир медайым иштен бошотулду. Ошондой эле Ленин райондук үй-бүлөлүк медицина борборлору боюнча бөлүм башчы өзү жазган арыздын… Кененирээк…

Кыргызстан 2022-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 39 миллиард 300 миллион сом жумшайт

Кыргызстан 2022-жылы тышкы карызды төлөөгө 26 миллиард 600 миллион сом жумшайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана карды боюнча комитетинин жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди. Анын айтымында, ал эми мамлекеттин ички карызын тейлөөгө кийинки жылы 12 миллиард 700 миллион сом багытталат. Белгилеп кетсек, өлкөнүн… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймагында 3 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймагында 3 күнгө газ өчүрүлөт. “Газпром Кыргызстан” ишканасынан билдиришкендей, 13-14-15-декабрда Тоголок Молдо, Саадаев, Ала-Арча дарыясы, Чоң Чүй каналы, Көлмө конушу, Салам-Алик, Щербаков көчөлөрүнүн чектешкен аймактарында көгүлтүр от берилбейт. Убактылуу чектөөлөр эски түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу.

Ош шаарында дагы үйлөрдү мыйзамдаштыруу иштери башталды

Ош шаарында дагы үйлөрдү мыйзамдаштыруу иштери башталды. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, учурда Жапалак айыл аймактык башкармалыгында мыйзамсыз курулган үйлөргө техникалык паспорттор даярдалууда. Аталган аймакта тургундар 146 гектар жерге өз алдынча 800гө жакын үй куруп алган. Учурда ар бир айылда мобилдик топтор иштеп жатат. Турак… Кененирээк…

Бишкекте Республикалык диагностикалык борбордун базасында көп профилдүү балдар ооруканасы ачылды

Бишкекте Республикалык диагностикалык борбордун базасында көп профилдүү балдар ооруканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Оорукана 150 орунга ылайык жана анда педиатрия, кабылдама-диагностикалык, интенсивдүү терапия, пульмонология, неврология жана функционалдык диагностика бөлүмү бар. Ведомстводон белгилешкендей, мурдагы Диагностикалык борбордун кызматкерлери иштен алынбайт. Алар жаңы ооруканада кызматын… Кененирээк…