Кыргызстандык Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча эл аралык турнирде жеңишке жетти

Кыргызстандык Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча эл аралык турнирде жеңишке жетти. Мелдештер Иранда өттү. Мекендеш 165 жана 206 килограммдык штангаларды көтөрө алды.   Бул жыйынтык ага чемпион наамын алып келди. Ошондой эле ал рейтинг упайларын топтоду. Упайлар кыргызстандыкка олимпиада оюндарына жолдомо алууга шарт түзөт.

Бишкектеги Горький атындагы эс алуу багын калыбына келтирүү иштери күн жылыганда уланат

Бишкектеги Горький атындагы эс алуу багын калыбына келтирүү иштери күн жылыганда уланат. Мэриянын маалыматына ылайык, анда электр кабелдери тартылып, таман таштап төшөлүп баштады.   Жаздын келиши менен ирригация тармагы жаңыртылып, жаңы таштанды челектер жана отургучтар орнотулат. Горький эс алуу багын оңдоого каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

Кыргызстандын жарандары Казакстандын Актөбө облусунда кар капканына түшүп калды

Кыргызстандын жарандары Казакстандын Актөбө облусунда кар капканына түшүп калды. Коңшу өлкөнүн ММКлары жазышкандай, кечээ 8 кыргызстандык менен унаа Самара-Шымкент жолунда тыгылып калды.   Жерине келген полиция кызматкерлери машинени кар күрткүсүнөн чыгарууга жардам берип, мекендештерди ысык тамак менен камсыздалган атайын лагерге чейин узатып коюшту. Кошумчалап кетсек,… Кененирээк…

Кытайдын Ухань провинциясынан келген кыргызстандыктардын абалы канааттандыраарлык

Кытайдын Ухань провинциясынан келген кыргызстандыктардын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу novosti.kgге Ооруларды алдын алуу департаментинин бөлүм башчысы Абдыкадыр Жороев билдирди.   Анын айтымында, жарандар Чүй облусунун ооруканаларында, дарыгерлердин тынымсыз байкоосу алдында. Эске салсак, өтүп кеткен эс алуу күндөрү Ухань шаарынан Кыргызстанга 18 адам келди.

Бишкектин Түштүк магистралында бүгүн ири жол кырсыгы катталды

Бишкектин Түштүк магистралында бүгүн ири жол кырсыгы катталды. Болжол менен күндүзгү саат 3тө 4 унаа кагылышты. Анын ичинде маршруттук такси дагы бар. Ордо калаанын ички иштер башкармалыгынын алдын ала маалыматына ылайык, 4 адам жабыркады.   Анын бири ооруканага бара жатканда жан берди. Жеринде милиция иштеп… Кененирээк…

Айгүл Рыскулова  КМШнын экономикалык маселелер боюнча комиссиясына Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Айгүл Рыскулова  КМШнын экономикалык маселелер боюнча комиссиясына Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койду.   Дагы бир жарлыгы менен өлкө башчы буга чейин аталган кызматты аркалап келген Зина Асанкожоеваны жумуштан бошотту.   Белгилеп кетсек, Айгүл Рыскулова… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди түрттүрүү уланууда

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди түрттүрүү уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, Жер колдонуу башкармалыгынын кызматкерлери бул ирет Москва көчөсүндөгү тандыр түйүнүн, соода күркөсүн жана Тыныстанов көчөсүндөгү темир дарбазасын, Чүй проспектинде жарнама такталарын алышты.   Алар тиешелүү документтери жок эле тургузулганы аныкталды. Мэриядан белгилешкендей, бул жатта иштер дагы уланат.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин Аскердик госпиталында Кытайдан келген 26 адам жатат

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин Аскердик госпиталында Кытайдан келген 26 адам жатат. Бул тууралуу 24 агенттигине ведомстводон билдиришти. Андан белгилешкендей, алар коронавирус белгилерине текшерүүдөн өтүп жатат.   18 адам жакынкы күндөрү ооруканадан чыгарылат. Эске салсак, Кытайдан кыргызстандыктардын алгачкы тобу 2-февралда Казакстан аркылуу унаа менен жеткирилген.

Кыргызстанга коронавирусту бир нече саатта аныктай турган атайын реагенттер жеткирилет

Кыргызстанга коронавирусту бир нече саатта аныктай турган атайын реагенттер жеткирилет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, тесттердин биринчи партиясы жакынкы арада Россия жана Кытайдан алынып келинет.   Белгилеп кетсем, учурда Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Вирус катталган жок. Чек ара бекеттеринде, аэропорттордо тепловизорлор менен кызматкерлер иштеп жатат.… Кененирээк…

Криштиану Роналду футбол тарыхындагы эң көп гол киргизген оюнчулардын ичинен үчүнчү орунда

Криштиану Роналду футбол тарыхындагы эң көп гол киргизген оюнчулардын ичинен үчүнчү орунда. “Ювентус” — “Фиорентина” жолугушуусунда Роналду 2 гол киргизди. Бул анын карьерасындагы 722-голу болуп катталды.   Мындай көрсөткүч менен форвард 3-орунда турган Герд Мюллерди ашып өттү. Биринчи орунда 767 голу менен Пеле турса,  атаандаштардын… Кененирээк…