Японияда стартаптар боюнча министр кызматы түзүлдү

Японияда стартаптар боюнча министр кызматы түзүлдү. Ал өкмөттүн башка мүчөлөлөрү менен жылдын акырына чейин “башталгыч ишканалардын беш жылдык планын” түзүшү керек. Инновациялык бизнес-идеялардын жана технологиялардын пайда болушу экономикалык өсүшкө жана социалдык маселелерди чечүүгө өбөлгө болот деп эсептешүүдө. Бул жаатта япон бийлиги жергиликтүү жана чет элдик… Кененирээк…

Кара-Кечеде көмүр жүктөө башталды

Кара-Кечеде көмүр жүктөө башталды. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, көмүр калкка жана Жылуулук электр борборуна ташылууда. «Кара-Кечеден чыккан көмүрдүн баасы 1 миң 450 сом. Кызматкерлер жеринде күнү-түнү иштеп жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Боом капчыгайындагы жол бир тараптуу гана ачык

Боом капчыгайындагы жол бир тараптуу гана ачык. Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен такташкандай, бүгүн түштөн кийин Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт жолунун 151-153 чакырым аралыгын сел каптаган. Учурда жолдун Бишкек тарапты көздөй кетүүчү тилкеси убактылуу жабык. Кыян жүрүп, сел каптаган жерлерди тактоо жана тазалоо иштери жүрүүдө. Жарытылыш кырсыгынан улам… Кененирээк…

ӨКМ аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 1-4-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Министрлик буга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырат.

Боом капчыгайында кайрадан сел жүрдү

Боом капчыгайында кайрадан сел жүрдү. Унаа жана жолдор министрлигинен такташкандай, Кубакы ашуусунда жолдун Бишкек тарапты көздөй кетүүчү тилкеси убактылуу жабылды. Жарытылыш кырсыгынан улам Боомдо унаалардын тыгыны пайда болду. Алардын узундугу болжол менен эки чакырымды түзүүдө. Мындан улам, айдоочуларга Бишкек — Нарын — Торугарт жолуна чыкпай… Кененирээк…

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин таза суу берүү токтотулат. Ичүүчү суу Токтогул — Манас — Исанов — Пушкин көчөлөрү чектешкен аймакта жок болот. Мэрия калкты, мекеме-уюмдарды өз убагында ичүүчү суу… Кененирээк…

БУУ: Эл аралык туризм калыбына келүүдө

Дүйнөдө өз өлкөсүнөн тышкары саякаттаган туристтердин саны пандемияга чейинки деңгээлдин дээрлик жарымына жетти. Бириккен улуттар уюмунун маалыматына ылайык, кыйынчылыктарга карабастан, эл аралык туризм калыбына келүүдө. Эксперттердин болжолунда, быйыл эл аралык агымдын саны пандемияга чейинки деңгээлден 70 пайызга жетет.

COVAX программасынын алкагында Moderna жана Pfizer вакциналары келет

Кыргызстанга ушул жылдын үчүнчү кварталында COVAX программасынын алкагында 100 миң 800 доза Moderna вакцинасы алып келинет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. Ошондой эле Pfizer вакцинасынын 100 миң 600 дозасы жакынкы күндөрү жеткирилет. Белгилеп кетсек, вакциналар июнда эле келиши керек болчу, бирок транспорт-логистикалык көйгөйлөргө байланыштуу… Кененирээк…

Бишкекте төрт миңден ашуун үй-бүлөгө көмүр үчүн компенсация төлөнөт

Бишкекте төрт миңден ашуун үй-бүлөгө көмүр үчүн компенсация төлөнөт. Муниципалитеттен белгилешкендей, бүгүнтөн тарта аз камсыз үй-бүлөлөргө көмүр сатып алуу үчүн каражат берилет. Жалпысынан жылытуу мезгилине шаардын аймагында жайгашкан жетим балдар, туруктуу жашаган жери жок адамдар жана майыптыгы бар балдар менен иштеген төрт уюмга жана 4… Кененирээк…

Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркы ачылат

Эгемендүүлүк күнүндө Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркы ачылат. Бул тууралуу Октябрь районунун акимчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 31-августта Байтик Баатыр жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде дагы бир сейил бак ачылат. Учурда ал жерде көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.