Денис Петрашов Олимпиада-2020 мелдешинде 200 метрге брасс ыкмасында сүзүү жарышында жарым финалга чыга албай калды

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Олимпиада-2020 мелдешинде 200 метрге брасс ыкмасында сүзүү жарышында жарым финалга чыга албай калды. Мелдеш беш сүзүү менен өткөн. Петрашов экинчи топто жарышка чыгып, 2 мүнөт 10,07 секунда жыйынтык менен өз атаандаштарынын арасында алдыда келген. Эрежеге ылайык, беш топтон мыкты натыйжа көрсөткөн… Кененирээк…

Беш-Күнгөй айылынын тургундары 6 күндөн бери суусуз күн кечиришүүдө

Беш-Күнгөй айылынын тургундары 6 күндөн бери суусуз күн кечиришүүдө. Алардын айтымында, мындай кырдаалга Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты Адилет Асаналиев күнөөлүү. Анын буйругу менен 22-июлда суу дарбазасынын жанындагы башкы түтүк кесилген, Проектируемая көчөсүндөгү жашоочуларга алып баруучу суу түтүгү жабылган. Депутат айылдыктарды суудан ажыратып, суу түтүктөрүн кайра… Кененирээк…

Аргентиналык сабисттин машыктыруучусу Олимпиада оюндарынын түз эфиринде колун сурады

Аргентиналык сабисттин машыктыруучусу Олимпиада оюндарынын түз эфиринде колун сурады. Бул спортчу кыз Белен Перес оюнга чыгып келгенден кийин, журналисттерге маек берип жатканда болду. Ал макулдугун берди. Белгилеп кетсек, спортчу кыз жана анын машыктыруучусу 18 жылдан бери тааныш.

Окумуштуулар келечекте аномалдуу ысык тез катталаарын эскертишет

Окумуштуулар келечекте аномалдуу ысык тез катталаарын эскертишет. Цюрихтин жогорку техникалык мектебинин атмосфера жана климат институтунун адистеринин пикиринде, алдыңкы 30 жылда температуранын рекорддук жогорку көрсөткүчү учурдагыдан эки же жети эсеге чейин жогорулайт. Бул жылы аптаптын ысык толкуну Канаданын батыш жээгин жана АКШны каптады. Андан тышкары, температуранын… Кененирээк…

Жакында эле Бишкек – Батуми – Бишкек багыты боюнча ачылган аба каттамы токтотулду

Жакында эле Бишкек – Батуми – Бишкек багыты боюнча ачылган аба каттамы токтотулду. Бул аталган аба жолдоруна сапарга чыгуучулардан суроо талап төмөн болгонуна байланыштуу. Болжолдуу түрдө, сентябрда Грузияга кайрадан түз учуп барганга шарт түзүлөт. Эске салсак, Бишкек – Батуми – Бишкек аба каттамы 17-июлда ачылган.… Кененирээк…

Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар пайда болот

Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар пайда болот. Бул тууралуу мэрдин  милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов билдирди. Анын айтымында, мындай парковка алгач Лев Толстой көчөсүндө пайда болот. Андан тышкары, Патрис Лумумба, Жукеев-Пудовкин жана Сүйөркулов көчөлөр кесилишинде, ошондой эле Псков жана Сухомлинов көчөлөрүндө дагы 3 унаа токтотуучу… Кененирээк…

Кыргызстанда инфляция 15 пайызды түздү

Кыргызстанда инфляция 15 пайызды түздү. Көрсөткүч былтыр июлдан быйыл июлга чейин. Мындай маалыматты Улуттук банктан беришти. Андан белгилешкендей, өлкөдө баалардын кымбатташы күтүлгөндөн жогору өнүгүүдө. Бул негизинен соода сатыкта баалардын глобалдык өсүшүнө байланыштуу. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси болжолдогондой, кымбаттоо экинчи жарым жылдыкта дагы уланат. Буга дүйнөлүк… Кененирээк…

Сот Асылбек Жээнбековду 30-сентябрга чейин камакта калтырды

Бүгүн, 27-июлда Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын Асылбек Жээнбековду камакта кармоо мөөнөтүн узартуу боюнча өтүнүчүн карады. Сот Асылбек Жээнбековду камакта кармоо мөөнөтүн 2 айга, тактап айтканда 30-сентябрга чейин узартты.Судьянын «өзүн күнөөлүү деп эсептейби?» деген суроосуна Жээнбеков «таптакыр күнөөлүү эмесмин» деп жооп берди. Биринчи май райондук… Кененирээк…

Ысык-Аба ырайы эс алуучулардын Ысык-Көлгө агылышына шарт түзүүдө

Ысык-Аба ырайы эс алуучулардын Ысык-Көлгө агылышына шарт түзүүдө. Аймактык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, быйыл туристтердин коопсуздугун 500дөн ашык милиция кызматкерлери камсыздап жатат. Алардын катарында ички иштер министрлиги академиясынын курсанттары дагы бар. Туристтер массалык түрдө келген жерлерде тажрыйбалуу кызматкерлерден түзүлгөн ыкчам-иликтөө тобу нөөмөттө турат.

Бишкекте 114 муниципалдык объектиде ондоп-түзөө иштери жүрүп жатат

Бишкекте 114 муниципалдык объектиде ондоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Мэриядан билдиришкендей, алар билим берүү уюмдары, китепканалар, саламаттыкты сактоо мекемелери, маданият үйлөрү жана музейлер. Учурда иштер 13 мекемеде аяктады, калганын 25-августка чейин жаңылоо пландалууда. Жумуштар быйыл жыл аягына чейин аяктайт.