Бишкектин айрым аймактарында 9 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 9 күнгө газ өчүрүлөт. «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришкендей, 16-августтан 27сине чейин Курманжан Датка, Калинин көчөлөрүндө, Чүй проспектинде, БЧК менен кесилишкен аймактарда Чыгыш-5 кичи районунда, Бакай-Ата жаңы конушунун күн батыш тарабында, ЖЭБ аймагында жана Лебединовка айылында көгүлтүр от жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоо… Кененирээк…

Казакстанда октябрдан баштап 12 жаштан жогорку балдар жана кош бойлуу аялдар коронавируска каршы эмделе баштайт

Казакстанда октябрдан баштап 12 жаштан жогорку балдар жана кош бойлуу аялдар коронавируска каршы эмделе баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой билдирди. Бул үчүн америкалык Pfizer вакцинасы колдонулат. Ал эми өспүрүмдөрдү эмдөө үчүн ата-энесинин уруксаты алынат. Эске салсак, коңшу өлкөдө россиялык «Спутник V»… Кененирээк…

Унаа жана коммуникациялар министри алмашты

Унаа жана коммуникациялар министри алмашты. Президент кол койгон жарлыкка ылайык, кызматка Эркинбек Осоев бекитилди. Ал бул орунга келгенге чейин министрдин орун басары болчу. Ал эми министр кызматты жарым жылдай аркалап келген Гүлмира Абдралиева башка орунга которулганына байланыштуу, иштен бошотулду.

Кыргызстанда коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жанданды

Кыргызстанда коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жанданды. Ал эми QazVac боюнча тиешелүү документтер күтүү режиминде, — деп билдирди 24 агенттигине республикалык имуннопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова. Анын айтымында, казакстандык вакцина документтер менен келген, аны дары каражаттары департаментине изилдөөгө жиберилген. Аныкталгандай, документтер жетишсиз болуп, дагы… Кененирээк…

Өзбекстанда жаны окуу жылы аралаш форматта башталат

Өзбекстанда жаны окуу жылы аралаш форматта башталат. Бул Өзбекстанда коронавирус жуктурган учурлар, өзгөчө мектеп жашында инфекцияга кабылгандар көбөйүп жатканына байланыштуу. Абалга жараша айрым мектептер карантинге алынып, окуу аралыктан өтүшү ыктымал. Бул үчүн сабактар мурдагыдай эле улуттук телерадиокомпаниялар аркылуу “Онлайн-мектеп” долбоорунун алкагында көрсөтүлөт.

Бишкекте 3 көчөдө оңдоо иштери аяктап, пайдаланууга берилди

Бишкекте 3 көчөдө оңдоо иштери аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан билдиришти. Кеп, Леванеск, Пишпек жана Васильев көчөлөрүнүн бир бөлүгү тууралуу болуп жатат. Бүгүнкү күндө жолдор унаалардын кыймылы үчүн ачылды. “Бишкек асфальт сервис” ишканасы дагы 13 тилкеде капиталдык оңдоо иштерин уланутууда.

Токиодо өткөн жайкы олимпиада оюндарынан медаль уткан спортчуларга убадаланган сый акы берилет

Токиодо өткөн жайкы олимпиада оюндарынан медаль уткан спортчуларга убадаланган сый акы берилет. Бул тууралуу Novosti.kgге дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, учурда Кыргызстанга спортчулардын бары келе элек. Тагыраагы дагы 4 атлет 12-августта өлкөгө учуп келет. Андан кийин акчалай сыйлыктарды тапшыруу… Кененирээк…

Бишкекте ушул жумадан тартып аба-ырайы салкындайт

Бишкекте ушул жумадан тартып аба-ырайы салкындайт. Бүгүн абанын табы +32…34 болсо, эртеңден тартып күндүз +30дан жогорулабайт. Түндө дагы абанын температурасы жагымдуу болуп, +15…17де сакталат. Метеорологдор убадалашкандай, дем алыш күндөрү жаан жаайт. Ордо калаанын түштүк жана тоолуу райондорунда нөшөрлөйт. Ал эми бүгүн бир аз шамал болуп… Кененирээк…

Кыргызстанда быйылкы түшүм аз деп бааланууда

Кыргызстанда быйылкы түшүм аз деп бааланууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, июлдун аягына карата дан эгиндери 230 миң гектар аянттан жыйналды. Бул 3,3 пайызга аз дегенди түшүндүрөт. Андан тышкары, түшүмдүн олуттуу азайышы буудай, арпа, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү жана картошкага туура келет. Мындай кырдаалга кургакчылык жана сугат… Кененирээк…

Бишкекте 32 көчөдө оңдоо иштери жүрүп жатат

Бишкекте 32 көчөдө оңдоо иштери жүрүп жатат. Алардын жалпы узундугу 40 чакырымды түзөт. Жолдор быйыл ноябрга чейин пайдаланууга берилет, — дешти мэриядан. Белгилеп кетсек, «Көчө тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Быйыл 44, кийинки жылы 16 көчөнү калыбына келтирүү жана 5 көпүрө салуу… Кененирээк…