Борбор Азия оюндары кайра жанданат

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан жакынкы эки жылда Борбор Азия оюндарын өткөрүү ишин жандантуу ниетинде. Тараптар биргелешип спорттук программаны иштеп чыгууну макулдашты. Иш-чаранын өлкөсү жана датасы кийинчерээк аныкталат. Эске салсак, Борбор Азия мамлекеттеринин оюндары биринчи жолу 1995-жылы Ташкентте өткөн. 2005-жылдан бери ал ар кандай себептер… Кененирээк…

Япония адамдар үчүн кир жуугуч машиналарды чыгара баштайт

Япония адамдар үчүн кир жуугуч машиналарды чыгара баштайт. Техника атайын аппараттын жардамы менен адамды тазалап, массаж жасап, кургатат жана бүт процесс 15 мүнөттөн ашпайт. Мындан тышкары, жасалма интеллект жана ар кандай сенсорлор колдонуучуга өз денеси жөнүндө толук маалыматты табууга жана ыңгайлуу атмосфераны түзүүгө жардам берет.… Кененирээк…

Дубайдан Ошко 3-ноябрдан тарта кошумча каттам ачылат

Дубайдан Ошко 3-ноябрдан тарта кошумча каттам ачылат. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, учактар ​​дүйшөмбү, шейшемби, бейшемби жана жума күндөрү учат. Мындан тышкары Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстанды сунушталган туристтик багыттардын тизмесине киргизүүнү пландоодо. Бул келерки жайкы сезондо ал жактан Тамчыга түз аба каттамын ачууга мүмкүндүк берет деп… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 27-октябрда аяктайт

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 27-октябрда аяктайт. Билим берүү министрлиги эскерткендей, тестирлөөнүн өзү 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин болот. Ага орто жана орто кесиптик билими бар жана учурда жогорку окуу жайларында окубаган адамдар каттала алышат. ЖОЖдорго кышкы тандоо окуунун контракттык формасы боюнча гана жүргүзүлөт. Кошумчаласак, ЖРТга каттоо баасы… Кененирээк…

Кыргызстандын жарандыгын алууга алты миңден ашуун россиялык арыз берди

Жыл башынан бери Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн 6 миңден ашуун россиялык арыз берди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын 603ү Кыргызстандын жарандыгын алган. Ал эми бардыгы болуп жыл башынан тарта 7 миңден ашуун чет өлкөлүк кыргыз жарандыгын алды.

Балыкчыда модулдук үйлөрдү чыгаруучу ишкана иштеп жатат

Балыкчыда модулдук үйлөрдү чыгаруучу ишкана иштеп жатат. Президенттик аппараттан билдиришкендей, курулушта күйбөгөн, жылуулукту үнөмдөөчү жана экологиялык жактан таза материалдар колдонулат. Имараттарда бардык зарыл коммуникациялар бар. Алар ошондой эле чоң сейсмикалык жүктөрдү көтөрүшөт. Мындай үйлөр базар баасынан бир топ төмөн. Келечекте модулдук үйлөрдү ротация менен өлкөнүн… Кененирээк…

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт

Эртең, 26-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эртең саат 9:00дөн 20:00гө чейин Ала-Тоо 1, Ала-Тоо 2 жаңы конуштарында турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жайга ичүүчү суу берүү токтотулат. Суу… Кененирээк…

Кыргызстанда чөп үстүндө ойнолуучу хоккей спорту боюнча федерация түзүлдү

Кыргызстанда чөп үстүндө ойнолуучу хоккей спорту боюнча федерация түзүлдү. Уюмдун расмий ачылышы бүгүн болду. Иш-чарада Казакстандан келген спортчулар мастер-класс уюштуруп, жергиликтүү оюнчулар менен мелдеш өткөрүштү. Федерациянын маалыматына ылайык, өлкөдө бул спорттун түрү менен 100гө жакын спортчу машыгат. Кыргызстанда алгачкы расмий мелдештерди кийинки жылы өткөрүү пландалууда.

WhatsApp тиркемеси кайрадан иштей баштады

WhatsApp тиркемеси кайрадан иштей баштады. Сервистин иштөөсүндөгү көйгөйлөр тууралуу маалыматтар бүгүн эртең мененки саат 10дор чамасында тарай баштаган. Мүчүлүштүк бир гана мобилдик тиркемеде эмес, веб-версиясында да байкалган. Азыркы тапта тиркеме толугу менен иштеп жатат.

“Ысык-Көл “Акылдуу шаар” долбоору кореялык компаниялардын консорциуму тарабынан иштелип чыгат

“Ысык-Көл “Акылдуу шаар” долбоору кореялык компаниялардын консорциуму тарабынан иштелип чыгат. Экономика министрлигинен билдиришкендей, аймакты изилдөө үчүн өлкөгө адистер келди. Алар керектүү маалыматтарды чогултуп, алгачкы отчетту даярдашат. Ведомство белгилегендей, “Ысык-Көл “Акылдуу шаар” долбоору шаарды курууга, логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонууга багытталат.