Бүгүнтөн тарта Бишкекте 2 көчө оңдоо иштерине жабылат

Бүгүнтөн тарта Бишкекте 2 көчө оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти.   Кайра калыбына келтирүү иштери Жунусалиев көчөсүнүн Гагарин-Ахунбаев тилкесинде жана Курултай көчөсүнүн Магистраль-Кожомкул бөлүгүндө жүргүзүлөт. Альтернативалык вариант катары айдоочуларга Шота Руставели жана Азия көчөлөрү сунушталат.   Оңдоо иштери Кытай грантынын эсебине… Кененирээк…

Кыргызстандын жол милициясы кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштеп жатат

Кыргызстандын жол милициясы кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштеп жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, бул бүгүнкү майрамга байланыштуу. Адатта бул күнү унаалар көп болгондуктан, аварияларды алдын алуу чаралары көрүлөт. Андан тышкары, бүгүн кечкиге чейин жол инспекторлору айым-айдоочуларды куттуктап, гүлдесте сунушат.

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кыймылына эч кандай чектөөлөр жок

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кыймылына эч кандай чектөөлөр жок. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Белгилеп кетсек, буга чейин Абла тилкесинде кар көчкү түшүп, жыйынтыгында “Сосновка” өткөрүү түйүнү транспорттун бардык түрүнө жабылган.   Трасса кар массасынан тазаланып, учурда унаалар эч кандай тоскоолдуксуз өткөрүлүп жатат.

Ош-Бишкек унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жеңил унаалар үчүн жол ачылды

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 224-чакырымында түшкөн кар көчкү тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. Ага ылайык, эртең мененки саат 10:15тер чамасында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 224-чакырымында болжол менен 10443 куб метр кар көчкү түшүп, унаа жолдун 271-чакырымындагы Арал постунда жол жүрүүгө убактылуу чектөө киргизилген. Аталган объектке №23 Жол… Кененирээк…

Кыргызстанда бал челектер идентификацияланып, каттоодон өтүшү керек

Мындан ары өндүрүлгөн балдын сапаты боюнча маалымат берүү үчүн ар бир бал чарбасы идентификациядан өтүүгө тийиш. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Ушул эле эрежеге ылайык, балчылар Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине катталуусу керек. «Алгач бал челектин ээси өзү жашаган аймактагы ветеринарга кайрылат. Адистер ар… Кененирээк…

Украинадагы кыргыз жарандарын эвакуациялоо уланууда

Соңку эки күндө  Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин жардамы менен бул өлкөдөн дагы 80 кыргыз жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу 7-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда,   5-мартта Львов шаарынан Польшанын аймагына автобус менен 35 кыргызстандык чыгарылды. 6-мартта 45 кыргыз жараны Молдова-Румыния-Болгария маршруту аркылуу Түркиянын… Кененирээк…