Өлкөнүн күрөш боюнча өспүрүмдөр командасы Сербиядагы мелдештен 5 медаль жеңип келишти

Өлкөнүн өспүрүм спортчулары Сербияда өткөн күрөш боюнча бүткүл дүйнөлүк мелдештен байгелүү кайтып келишти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган турнирде Свердлов районундагы Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин спортчулары жана грек-рим күрөшү боюнча Ленин районундагы спорт… Кененирээк…

Быйыл Ош шаарында 1-класска 7369 окуучу кабыл алынды

Быйыл Ош шаарында электрондук кезек аркылуу 1-класска 7369 окуучу кабыл алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Бүгүн, 15-сентябрда Ош шаарындагы мектептерде билим күнү белгиленди. Шаар мэри Алмаз Мамбетов №52 Кыргыз-Түрк достугу мектеп лицейинде болгон майрамдык иш-чарага катышып, мугалимдери, окуучуларды жана ата-энелерди жаңы окуу… Кененирээк…

Казакстан чет элдик социалдык тармактарга чектөө киргизүүнү көздөп жатат

Казакстанда депутаттар балдардын укуктарын коргоо боюнча өзгөртүү киргизилип жаткан мыйзамдын алкагында чет элдик социалдык тармактарга чектөө киргизүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.   Депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышкан. Документте өзгөртүүлөр балдардын турак-жайга болгон укугун камсыздоого, үй-бүлөлүк мамилеге кызыкчылыктарын коргоого жана соцтармактагы укуктарга каршы… Кененирээк…

Францияда вакцина албаган медицина кызматкерлерине айлык төлөнбөйт

Францияда вакцина албаган медицина кызматкерлерине айлык төлөнбөйт. Бийлик эмдөөдөн өтүүгө берген 3 ай аяктады. Бирок жарым миллиондон ашык дарыгерлер жана социалдык кызматкерлер вакцина алган жок.   Себептери ар кандай.   Айрымдары препарат жакшы изилденген эмес дешсе, кээ бирлеринде жөн гана каалоосу жок. Ал эми бир… Кененирээк…

Ош шаарында жаңы бала бакча ачылды

Ош шаарында жаңы бала бакча ачылды.   Мэриянын маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 120 бөбөккө чакталган. Аны курууга каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.   Муниципалитеттин атынан жаңы бала бакчага интерактивдүү такталар тапшырылды.

Ошто мектептердин жанындагы жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрүнө окуучулардын сөлөкөтү орнотулуп жатат

Ошто мектептердин жанындагы жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрүнө окуучулардын сөлөкөтү орнотулуп жатат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул балдардын катышуусу менен жол кырсыктарын алдын алуу максатында жасалууда.   Сөлөкөттөр мектеп балансына өткөрүлүп берилди, алар белгилүү бир убакытта аларды чыгарып турат.   Эгер бул жумушчу долбоор… Кененирээк…

Кыргызстанда персоналдык маалыматтарды коргоо боюнча Мамлекеттик агенттик пайда болду

Кыргызстанда персоналдык маалыматтарды коргоо боюнча Мамлекеттик агенттик пайда болду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Өлкө башчынын администрациясынан билдиришкендей, түзүм министрлер кабинетинин алкагында иш алып барат.   Агенттик персоналдык маалыматтардын коопсуздугун камсыздайт жана башка бир катар функцияларды аткарат.   Ал кандай функциялар экени азырынча… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо чет мамлекеттерде 57 тилке ачылат

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо чет мамлекеттерде 57 тилке ачылат. Бул тууралуу БШКнын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Арсланбек Үмөталиев билдирди.   Анын айтымында, алдын ала түзүлгөн план боюнча, дүйнөнүн 28 мамлекетинин 57 шаарында участоктор жайгашат.   Жаңы тилкелер Казань, Краснодар, Самара, Хабаровск, Томск, Нью-Йорк, Чикаго,… Кененирээк…

19-сентябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө кыймылга чектөөлөр киргизилет

19-сентябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө кыймылга чектөөлөр киргизилет. Таңкы саат 6дан түшкү 12 жарымга чейин Чортеков – Жайыл баатыр –Масалиев – Токомбаев көчөлөрү жабык болот.   Чектөөлөр жыл сайын өтүүчү марафонго байланыштуу киргизилет. Айдоочулар каттамдарын эртелеп пландап алышы зарыл.

Бишкекте айыл-чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте айыл-чарба жарманкеси өтөт. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 18-сентябрдан 28-сентябрга чейин жарманке Товарная, 1 дарегинде уюштурулат.   Андан шаар тургундары мөмө-жемиштерди, эт, сүт жана башка азыктарды өндүрүүчүлөрдөн түздөн-түз сатып алса болот. Баасы базар баасынан төмөн болот, — дешет уюштуруучулар.